Бүгүн, 8-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги жыйыны орун алды. Анда парламенттик шайлоонун жүрүшү тууралуу эрежелер айтылууда.
Жыйындын жүрүшүндө БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Жогорку Кеңештин депутаттыкка көрсөтүлгөн талапкерлердин саны 54кө кыскарганын айтты.
"Быйыл шайлоо системасында өзгөрүүлөр болду. Алардын бири көрсөтүлгөн талапкерлердин саны 54кө чектелди. Мурун талапкерлердин саны 200гө чейин көрсөтүлчү. Мунун натыйжасында бир топ маселелер жаралчу", - деди БШКнын төрайымы.
Эске салсак, парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Ал эми үгүт иштери 29-октябрдан баштап 27-ноябрга чейин уланат.