БШКнын төрайымы: "Добуштар сакталган серверге кирүү мүмкүнчүлүгү 3 жоопкерчиликтүү кызматкерде болот"

БШКда шайлоого катышкан партия өкүлдөрү менен биргеликте жыйын өтүүдө.

Депутаттыкка талапкер Жылдызкан Жолдошева "Добуштар сакталган серверге кирүү мүмкүнчүлүгү кимдин колунда?" деген суроо берди.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова: "Биздин тийиштүү жоопкерчиликтүү кызматкерлердин колунда. Ал кызматкерлер БШКнын аппаратында иштейт", - деди.

Жылдызкан Жолдошева: "Бул ачкыч БШКнын төрайымынын колунда болушу керек. Серверге бир гана БШКнын төрайымы жооп берет", - дейт.

Шайлдабекова: "Серверге бир киши кире албайт. Ал жерге 3 кишинин гана биометрикалык идентификациясы аркылуу кирет. Коопсуздук регламент сакталат", - деди.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан