Владимир Путиндин маалымат катчысы анын ден соолугу жөнүндө айтты

Орусиянын президенти Владимир Путиндин ден соолугу жакшы. Мындай маалыматты президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Путин коронавирус жуктуруп алгандар менен байланышта болгон. Ошого карабай анын ден соолугу жакшы.

"Президенттин айланасында кимдер коронавирус менен ооруп калганы белгилүү. Обочолонуу анын жумушуна эч кандай терс таасирин тийгизбейт. Болгону ал бир канча убакыт иш-чараларга катышпай турат", - деген Песков.

Буга чейин Владимир Путин айланасындагылардан COVID-19 илдети аныкталганына байланыштуу обочолонуу режиминде экени айтылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан