Кыргыз өлкөсү Палестина жана Бангладеш менен болгон оюндагы жеңишинен соң Эл аралык футбол федерациясынын рейтингинде 3 сапка жогору көтөрүлүп, 98-орунга жайгашты. Федерациянын жаңыланган рейтинги бүгүн, 16-сентябрда жарыяланды.
Кыргыз өлкөсү буга чейин 101-орунду ээлеп турган.
Учурда бизге жакынкы катарларда Грузия (96), Ливан (97), Палестина (99) жана Мадагаскар (100) өлкөлөрү турат.
Ал эми коңшулаш мамлекеттерден Өзбекстан 84, Тажикстан 118, Казакстан 120 жана Түркмөнстан 130-орундарга жайгашты.
Жаңыланган рейтингдин алдыңкы ондугун Бельгия, Бразилия, Англия, Франция, Италия, Аргентина, Португалия, Испания, Мексика жана Дания ээледи.
Эске салсак, Кыргыз өлкөсү сентябрь айынын башында Бишкекте өткөн "Үч улут Кубогу" эл аралык мелдешинде Палестина өлкөсүн 1:0, ал эми Бангладешти 4:1 эсебинде жеңип алган.