SUPER.KG порталынын "Ийгилик жаратууга дем берген кыргыз жаштары" рубрикасынын кезектеги чыгарылышында Күн чыгыш өлкөсүндө медицина тармагында иштеп жаткан Каныкей Нарматова менен маектештик.
Каныкей Нарматова 1997-жылы Баткен облусунун Сүлүктү шаарында жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөдө үч бир туугандын ортончусу. Учурда Токио шаарында медицина тармагында эмгектенип жатат.
Япониядагы жашоосу тууралуу тасма тартууну максат койгон Каныкей учурда экзаменге даярданып жатканын айтат. Балалык кыялы ишке ашып, Токионун ар бир бурчунан бактылуулук таба алган кыргыз кызы максаттары, жумушу, жеке жашоосу тууралуу да кеп кылды. Эмесе маекке көз чаптырыңыз, окурман.
— Каныкей, саламатсызбы! Иштериңиз жакшыбы? Японияга болгон сапар кантип, качан башталды эле?
— Саламатсызбы! Кичинекей кезимден эле чет өлкөгө кетүүнү кыялданчу элем. Учак учуп баратканын көрүп, апама "бир күнү самолётко отуруп учуп кетем" дей берчүмүн.
ИСИТОнун медициналык колледжин 2018-жылы аяктадым. Ошол эле жылдын январь айында биздин окуу жайга Япониядан өкүлдөр келишип, өз өлкөлөрүнө медициналык кызматкерлер керек экенин айтышып, баарлашуу өткөрүшкөн. Каалоочулар катышкан, бирок бардыгы эле өтө алган эмес. Бактыма жараша, мен ага өткөндөрдүн арасында болдум. Андан кийин бизге япон тилин үйрөтө башташты. Мен да июнга чейин тырышып, тил үйрөндүм. Акыры, 2018-жылдын июнь айында биринчи жолу Японияга келдим. Бул - мен үчүн жаңы жашоонун башаты болду.
— Медицина тармагын эмнеден улам тандап алдыңыз эле? Жеке каалообу же жакындардын сунушу болдубу?
— Мен мектепте окуп жүргөн кезден тарта тил багытына шыктуу элем. Англис тилин кызыгуу менен окуп, олимпиадаларга катышчумун. Окуумду аяктагандан кийин тил багытында окууга тапшырып, Америкага кетем деген чоң максатым бар болчу. Ошол учурда чет өлкө деген түшүнүгүмдө Америкадан башка мамлекет жоктой сезилчү. Тилекке каршы, каалаган окуу жайыма өтө албай калдым. Менин апам — медайым. Мага медколледжге тапшырууну сунуштады. Ошентип, мен медицинаны тандадым. Эми болсо өкүнбөйм. Себеби дүйнөдө чет өлкө деген бир гана Америка эмес экенин, жашоонун кызыгы көп экенин өз көзүм менен көрдүм.
Чет өлкөдө жашоо, жаңы адамдар менен иштөөдө кандай кыйынчылыктарга туш болдуңуз. Ал татаалдыктардан кантип чыктыңыз?
— Японияга келген күндөн тартып мен бул жерде жалгыз кыргыз болдум. Жалгыздык — эч кимдин башына түшпөсүнчү деп тилейм. Мекениңден алыс болгондо ооруп калсаң, кол сунган адам жок, көңүлүң түшкөндө кеңири сүйлөшө турган киши жок — ушунун баары мага тааныш. Көп кыйналдым. Бирок ушул күндөр мени өзгөрттү.
Азыр менин чоң максатым бар — Япониядагы жашоом тууралуу кино тартуу. Бул тасмада мен башымдан өткөргөн кыйын күндөрдү да, бактылуу көз ирмемдерди да көрсөткүм келет. Буюрса, сиздер да көрөсүздөр деп ишенем.
Мен өзүмө өзүм дос болууга, өзүмө өзүм таяна билүүгө үйрөндүм. Ооба, кээде оор болду, бирок мен өкүнбөйм. Себеби — баштан өткөн кыйын күндөр бизди күчтүү кылат экен.
— Токио сиз үчүн…
— Токио — бул менин алты жыл бою күтүп, тырышып жеткен кыялым. Ар бир күнү, ар бир көз ирмемде мага токтобой агылып турган бакыт сезими ушул шаарда жашайт. Токиодо жашоо — өзү эле бактылуулук. Ал эми үйдөн чыгып, шаарды кыдырып жүрүү… Оо, бул — мен эч качан сезип көрбөгөн, эч ким толук түшүнө албаган, космос сыяктуу сезим. Бул менин жан дүйнөмдүн эркиндиги, менин жеке кубанычым. Жараткан Аллахыма миң шүгүрлөр болсун.
— Эң сонун жооп болду! Токиодогу кыргыз кызынын бир күнү кандай өтөт?
— Эгер жумуш күнү болсо, күнүм толугу менен иш менен өтүп кетет. Ал эми эс алуу күнү келсе, Токио — чоң мегаполис, кооз жана белгилүү жерлерге бай шаар болгондуктан, шаар кыдыруу мен үчүн эң жакшы дем алуу болуп калат. Элибиздин даамын сагынганда, өзбек ресторанына барып, тааныш тамактарды жеп келем. Кээде окуум чыгып калса, ошол күнү үйдө калып, окуу менен алек болом. Ар күнү ар кандай, бирок ар бир күнүмдү баалайм.
— Алгачкы маянаңыз эсиңиздеби? Эмнеге коротконсуз?
— Албетте, эсимде, мен Японияга үйдөгү апамдын атына жазылган насыяны жабуу максатында келгем. Үч жыл бою ай сайын ашыкча эч нерсе коротпой, тапкан айлыгымдын баарын салып жүрдүм. Жаратканга шүгүр, бардык карыздар жабылды, насыялар бүттү. Эң башкысы — менин алтын апамдын жүрөгү тынч, уйкусу тынч. Бул мен үчүн эң чоң бакыт.
— Япониядагы медицина тармагы боюнча да учкай кеп сала кетсеңиз.
— Япониянын медицинасында чоң өнүгүүлөр бар. Алар медициналык технологияларды, жабдууларды жана илимий изилдөөлөрдү жогорку деңгээлде өнүктүрүшкөн. Роботтук хирургия, заманбап диагностика, онкология жана картаюу илими боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда турат. Мындан тышкары, Японияда калктын саламаттыгы жогору, өмүр узактыгы дүйнө жүзү боюнча алдынкы катарда. Бул алардын медицина тармагындагы ийгиликтеринин натыйжасы.
— Күндөлүк жашоодо кайсы сөздү көп колдоносуз?
— Отцукаресамадес — бул сөздү мен көп колдоном. Жумушта япондор бири-бирине көп айтышат, мааниси "жумушуңуз үчүн чоң рахмат" деген. Мен да алар менен иштегендиктен айтып көнүп калдым. Ал эми жалгыз жашагандыктан, кээде өзүм менен өзүм сүйлөшүп калам. Бирок ошол учурда оюм менен байланыштуу бир эле сөздү көп колдоном деп айта албайм — ар кандай болот.
— Акыркы кезде сизди кубандырган жана ойлондурган жагдайлар кайсылар болууда?
— Жакында окуум башталат. Азыр эң маанилүүсү — акыркы экзаменге даярдануу. Эгер ошол экзаменден ийгиликтүү өтсөм, Японияда өмүр бою калууга мүмкүнчүлүк алам. Ушул нерсе тууралуу көп ойлонуп жүрөм. Бирок аракеттен берекет дегендей, болгон күчүмдү жумшап, эмгегимдин жемишин көрөм деген ишенимдемин.