Жактоочу: "Сапар Исаков эч качан ырайым сурабайт"

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков эч качан ырайым сурабайт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын жактоочусу Нурбек Токтакунов билдирди.

"Ырайым сураган күнөөнү моюнума алам дегенди билдирет. Сапар Исаков, мен анын жактоочусу, биз эч качан ырайым сурабайбыз. Сапар Исаков өзүнүн жоопкерчилигин айткан. Бирок бул иш боюнча күнөөнү моюнуна алган эмес", - деди ал.

Улуттук энергетикалык холдинг" ишканасынын мурдагы башчысы Айбек Калиев менен "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы башчысы Салайдин Авазов ырайым сураганы маалымдалган. ЖАМК алар жаза өтөө мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу эркиндикке чыкканын билдирген.

22-февралда социалдык тармактарда Сапар Исаковдун аты-жөнүн көрсөткөн баракча жүргөн жери Москва экендигин белгилеп билдирүү калтырган болчу.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

2018-жылдын 26-январында Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Кытайдан алган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган. Кийин КСДП бул боюнча билдирүү таратып, өндүрүштүк кырсык Бишкек ЖЭБинин жаңыланган бөлүгүндө эмес, эски бөлүгүнөн чыкканын белгилеген. Анда: "1961-жылы пайдаланууга берилген ЖЭБди реконструкциялоо шаарды кыйроодон аман алып калды. Мына ошол кыйроонун алдын алгандар бүгүн камакта отурушат", - деп жазылган.

Андан кийин Жогорку Кеңеш ЖЭБдеги аварияга байланыштуу өкмөттүн 2017-2018-жылдардагы күз-кыш мезгилдерге даярдыгын "жетишерлик эмес" деп таап, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу боюнча токтомду караган.

Бишкек ЖЭБин жаңылоодо "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткандар мурунку премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, депутат Осмонбек Артыкбаев, "Улуттук энергохолдингдин" мурунку директору Айбек Калиев, "Электр станциялары" ишканасынын мурунку жетекчиси Салайдин Авазов, "Электр станциялары" ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жана мурдагы каржы министри Ольга Лаврова.

2019-жылдын 6-декабрында Айбек Калиев Свердлов райондук сотунда күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
IOA
2021-09-17 11:58:11
Куссун жегенин. Ууру тойгончо жеп олгончо карганат
+5
bond02
2021-09-17 12:23:52
Эркиндикте журуп ырайым сурап жинди болуптурбу.
+2
KaGaH
2021-09-17 12:31:31
атамбаев менен сапар 1500 тонна алтынды Түркияга чыгарып кетишкен,сапар сары Москвада бизнесс кылып жүрөт азыркы учурда, площадь Ильичага медицинский центр ачып койгон,ал жерде кожоюн Алабукалык Асылбай бирок сапар чын кожоюну
+4
patriot.kg94
2021-09-17 13:29:41
KaGaH, Аты кандай мед центрдин
+1
KaGaH
2021-09-17 16:01:53
patriot.kg94, эсимде жок аталышы чоң здание
ичинде баардык шарты менен
0
Datka7777
2021-09-17 12:33:28
Коён качып кетти го!
+1
Mister-XXX
2021-09-17 15:07:30
Ушул жактоочуну да камаш керек.Кайсы жерде болсо кыпчылып журо берет экен да
.Сени ким ырайым сура деп атат?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан