Унааларда 15 тонна көмүр болгон. Лейлекте аткезчилик менен ташылып бара жаткан жүккө бөгөт коюлду

Баткен облусунун Лейлек районунда аткезчилик жол менен ташылып бара жаткан жүккө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, Лейлек районунун Манты аймагында нөөмөттө турган чек ара тозоту Кыргыз өлкөсүнөн Тажикстанга өткөрүү пунктунан тышкары кетип бара жаткан Мерседес жана MAN үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны токтотушкан.

"Айдоочулар чек арачыларды көргөн соң качууга аракет кылышкан. Анда мыйзамсыз өтүүнүн алдын алуу максатында чек арачы асманга эскертүү иретинде ок чыгарып, курал колдонгон. Ага карабай айдоочулар жолун улаган, андан соң чек ара кызматкери унаанын дөңгөлөгүн көздөй ок чыгарган.

Кармалган айдоочулар Кыргыз өлкөсүнөн Тажикстанга 15 тонна көмүр алып өтүүгө аракет кылышкан.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалгандар жана көмүр кошумча иликтөө үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүп берилди", - деп жазылат атайын кызматтын маалыматында.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Akjol18
2021-09-17 21:08:56
Акча үчүн өлгөн экенбизда аа,туугандар.
Ушундайларга башка каттуу чара колдонбосо бовойт окшойт аяш авалар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан