Маданият министри Кайрат Иманалиев Өзбекстанда өткөн эл аралык форумга катышты

Өзбекстандын Хива шаарында ЮНЕСКО менен биргеликте "Борбор Азия дүйнөлүк цивилизациялардын кесилишинде" аттуу эл аралык форуму өттү. Форумга маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев катышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Министр жыйындын жүрүшүндө чыгармачыл жана илимий ишмерлердин бул жолугушуусу өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулоого, тарыхый жана маданий мурастарды сактоого жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн аныктоого өбөлгө түзүүчү эң ыңгайлуу аянтча экенин белгиледи.
Ошондой эле министр Өзбекстан Республикасы маданий мурастарды изилдөө, сактоо жана популяризациялоо максатында бир катар ири долбоорлорду жогорку деңгээлде ишке ашырып жаткандыгын айтып, "Шарк тароналары" эл аралык музыкалык фестивалы, Бахшы искусствосунун эл аралык фестивалы жана Эл аралык кол өнөрчүлөр фестивалынын өтүшү анын далили экендигин кошумчалады.
Форумдун жүрүшү маданий программалар менен коштолуп, Түрксойго мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин катышуусу менен өттү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан