Пермь шаарындагы университетте белгисиз адам ок чыгарды. Жабыркагандар бар

Бүгүн саат 11:00 чамасында белгисиз адам Орусиянын Пермь шаарындагы мамлекеттик университетинде ок чыгарды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окуя аталган университеттин 8-корпусунда болгон.

"Бүгүн белгисиз адам университетке кирип, ок чыгарды. Айрым студенттер жана мугалимдер класстарга бекинип жашынышса, ал эми айрымдары терезеден секирип качышууда", - деп жазылат маалыматта.

Алдын ала маалыматтар боюнча, ок атуудан 4 адам жабыркаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан