Саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлеринин профсоюзу министрлик чыгарган буйруктарга укуктук баа берилишин талап кылышты

Саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлеринин профсоюзунун борбордук комитети башкы прокурорго кайрылуу жөнөтүштү. Бул тууралуу социалдык тармакка жарыялашты.

Профсоюз Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин медицина кызматкерлеринин укуктарын бузган буйруктарына укуктук баа берүүсүн суранган.

"Саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин профсоюзунун борбордук комитети расмий түрдө башкы прокурор Курманкул Зулушевден Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин медицина кызматкерлеринин укуктарын бузган буйруктарына укуктук баа берүүсүн өтүнөбүз. Биздин кайрылуубуз туура каралат деп үмүттөнөбүз", - деп жазылган кайрылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан