Анкарада "Кыргызстан" паркы ачылат

Түркиянын Чанкая аймагында Кыргыз паркы ачылат. Мындай маалымат Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы тарабынан белгилүү болду.

Маалым болгондой, Кыргыз элчиси Кубанычбек Өмүралиев Анкара шаарынын Чанкая муниципалитетинин башчысы Алпер Ташделен менен жолукту.

"Жолгушууда Анкаранын Чанкая районунда жашап, иштеп жүргөн Кыргыз жарандарынын укуктарын коргоо боюнча маселелер талкууланды. Ошондой эле Чанкая аймагында "Кыргызстан" атындагы парк ачуу жана улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бюстун тургузуу тууралуу макулдашылды", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан