Баткенде 100гө жакын адамдын катышуусунда күзгү чуркоо өттү

Бүгүн, 26-сентябрда Баткен шаарында күзгү чуркоо болуп өттү. Анда президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, облустук, райондук, шаардык мекеме-ишканалардын кызматкерлери жана Баткен шаарынын тургундары катышты.

"Жалпысынан 100гө жакын адам катышып, алар 3 чакырым аралыкты чуркап өтүштү. Жыйынтыгында эркектер жана кыздар арасында алдыңкы орунду ээлегендер үчүн 1-2-3-орунга диплом, кызыктыруучу белектер жана жашы 60ка жакындаган же 60тан ашкан катышуучуларга да белектер тапшырылды", - деп билдиришти президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан