Алар да эмдөөдөн өткөн эмес. Бир суткада 2 жаран коронавирустан каза болду
Акыркы сутка ичинде коронавирус илдетинен дагы 2 бейтап көз жумду. Республикалык штабдан кабарлашкандай, каза болгондор COVID-19га каршы эмдөө албагандар арасынан катталды.
Өлкөдө илдет катталган күндөн тарта жалпы 2 миң 602 жаран көз жумду.