"Ата Мекен" жана "Реформа" партиялары түзгөн "Эге Мен" коалициясына "Туран" партиясы кошулду. Бул тууралуу "Ата Мекен" партиясынын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.
"Буга чейин “Ата Мекен” жана "Реформа" партиялары түзгөн "Эге Мен" демократиялык коалициясына "Туран" партиясы кошулуп, меморандумга кол коюшту. Жакынкы максат – алдыдагы парламенттик шайлоого бирдиктүү күч болуп катышуу", - деп жазылат маалыматта.