"Наам алгандан кийин чоң саясатка аралашып көрсөм деген оюм болгон". Бек Борбиев парламенттик шайлоого катышуу ниетинде

Жакында эле Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамын алган Бек Борбиев парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирди. Бул туурасында ал жергиликтүү каналдардын бирине берген маеги учурунда айткан.

Анда ырчы чыгармачылыктан башка жаатта иштөөгө убакыт келгенин белгилеген. Эл артисти наамын алгандан кийин чоң саясатка аралашып көрсөм деген ою болуп келгенин, күтүүсүздөн наам алып калгандан кийин шайлоого катышайын деп жатканын кошумчалаган.

"Мен азыр толук кандуу бир чечимге келе элекмин. Алгач элге кызмат кылган партиянын курамына киришим керек. 2010-жылы мен "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын тизмесинде шайлоого аттангам. Азыр акыйкат кызмат кылган партиялар болсо курамына кирип, мандат үчүн күрөшкөнгө даярмын", - деген ал.

Артист азырынча партиянын аталышын ачык айткан жок. Жогорку Кеңешке барса ал маданият тармагындагы маселелерге көңүл бура турганын айткан маегинде.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
muku.85
2021-09-11 06:49:49
Мекнчилди тандайт да бекеринен наам бердиби
+13
rususu
2021-09-11 07:52:49
эээ туугандар,коросунор го депутат болсо деле ырдап кетет.
+12
make2
2021-09-11 07:58:20
Анжелика экооңо депутаттык оюнчукпу, ал жерге баш керек артист
+11
KaGaH
2021-09-11 09:59:02
Чын эле артист экен
+13
Aimani
2021-09-11 10:17:50
Жон эле койсо болмок.Болгон авторитетин кетирбей.
+14
nazira...
2021-09-11 10:33:56
Биз үчүн сиз Б.Борбиевсиз. Сиз ырларыңыз менен эсибизде каласыз. Б. Борбиевден чимкирикке айлангыңыз келсе пожалуйста, өзүңүз билесиз. Наамыңызды булгап албаңыз дегеним. Эл артисинен чимкирик деген наамга.
+11
Mylatka..
2021-09-11 10:55:44
Ак үйдөгү артистерибиз өздөрү эле жетишет сахнадагы артист бойдон калсаныз жакшы болмок.
+6
Alishdaman
2021-09-11 11:08:41
Азыркы күнгө чейин артист болуп турсаңыз Ак үйгө кирип калсаңыз чимкириктерге кошулуп мыйзам эмес куудул дарга сатира жазып бересиңер
+4
Kona8631
2021-09-11 11:23:31
Эн таза ырчы Адам бул Сыймык Бейшекеев экен
+12
Baktiyar731
2021-09-11 20:29:19
Kona8631,менин оюм да ушундай
0
mariolan
2021-09-11 11:33:05
бок барбы
+2
bond02
2021-09-11 11:41:44
Сахнадан саясатка барса эмнеге болбосун? Турмодон чыгып эле креслого отуруп жатышпайбы.
-2
Paprikafm
2021-09-11 14:20:02
bond02,ошол турмого сен учун, мен учун отурду, коррупция кылып отурган жок башкаларга окшоп
-3
Antiradikal3
2021-09-11 17:45:33
Paprikafm,Садыр менен Камчы коррупция кылып жаткан жокпу? Анда эмнеге Россияда бензин 1 жылда 3-5 рубль кымбаттаса, бизде 27-28 сомго кымбаттап кетти? Бул эки достун чонтогуно кетип жаткан жокпу? Палан кусту, тиги кусту болуп эле бошоп жатышат. Ошол кускан акчалар кимдин чонтогуно кетип жатат? Коррупция менен курошкону чын болсо, 10 миллион доллар уурдаган бири Окмотко 1 миллион толоп акталып чыгып жатат да, 5 кой уурдаган бири ошол 5 койдун баарын кайтарса да 3-5 жылга камалып кетип жаиат.
+3
Paprikafm
2021-09-11 23:46:59
Antiradikal3,каерде болсо бийлике асыласын, сенин оюн боюнча кимди шайлаш керек анда айтчы, ким жебей ичпей иштеп берет, буга чейинкилер да хуже болчу, анда ким татыктуу?
-1
Antiradikal3
2021-09-11 17:48:43
Paprikafm, адилеттуулук каякта?!!

Кечээ оздоруно депутаттык буюрбай мусаапыр болуп калышты эле, бугун экоонун тен тууган-туушканы, жезделери, окул балдары, уулдары чорн чон кызматтарда креслолорго чалкалап калышты. Мына ушунун озун кандай тушундуросун?!

Кумтор элдики болуш керек деген Жапаров мамлекеттин 1% да улушу жок Жеруй кенинин ишке киришине уруксат берип тасма кескенин кандай тушунсо болот?!
+1
nargiz-sa
2021-09-11 12:54:29
Ошо туруктуу таза партия азыр деле Бүтүн Кыргызстан партиясы эле калды окшойт калган партиялар көйнөктөрүн, милдеттерин, аттарынан заттарынан бери алмаштырып жиберишпедиби. Наам алдыңыз аны акташ кк дегендей бир бийликчил партияга иштейсиз да айла жок
-3
NURSAPAR
2021-09-11 14:37:49
Кой друган ал жак жаман
+6
Eden-Hazard
2021-09-11 18:25:07
Менден башкасы баары саясатчы азыр.
0
Egizderim-baktim
2021-09-12 11:09:59
Кызык... Комментарийлерди Бек Борбиев окуп жыйынттык чыгарды бекен??? Мен да сиздин ырларынызды жакшы кором, сизди сыйлайм.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан