БШК Талант Мамытовдун иши боюнча Жогорку Сотко кассациялык даттануу берди

Борбордук шайлоо комиссиясы Талант Мамытовдун иши боюнча Жогорку Сотко кассациялык даттануу берди. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, БШК Бишкек шаардык Административдик соттун чечимине даттануу үчүн Жогорку Сотко кассациялык даттануу берди.

28-октябрда Бишкек шаардык Административдик соту өз чечими менен Борбордук шайлоо комиссиясынын №7 талапкер Талант Мамытовду каттоодон баш тартуу жана “Ынтымак” саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен алып салуу бөлүгүн жокко чыгарган.

"Жогорку Кеңештин төрагасы мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын реестрине ылайык саясий мамлекеттик кызмат орундарынын катарына киргизилген.

Конституциялык мыйзамдын 21-беренесинин талаптарын аткарбагандыгына байланыштуу Жогорку Кеңештин төрагасы Мамытовду алдыдагы парламенттик шайлоодо талапкер катары каттоодон баш тартылды, ал “Ынтымак” саясий партиясы көрсөткөн талапкерлердин тизмесинен чыгарылды", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан