Бүгүн, 28-сентябрда Бишкек шаардык кеңеш коомдук транспорттордогу жол акысы боюнча тарифтерди кайра карап чыгуу боюнча токтомду талкуулап жатышат.
Анда вице-мэр Таалайбек Орозов баяндама жасап жатат. Ал жол акыны көтөрүүгө убакыт келгенин айтты. "Жол акы боюнча тарифтерди кайра карап чыгуу зарыл", - деди ал.
Учурда маршруттук таксилердин баасы 10 сом, автобус, троллейбустарга жол киренин баасы 8 сом.