Инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, Алмамбет Шыкмаматов өз каалоосу менен арыз жазып, кызматын тапшырган.
Буга чейин Алмамбет Шыкмаматов өлкө башчы Садыр Жапаров менен жолугуу учурунда алдыдагы шайлоого байланыштуу кызматын тапшыра тургандыгын айткан.
Алмамбет Шыкмаматов бул кызматка май айында дайындалган.