Айрым маалымат булактары Нурадил Баясов инвестициялар министри болорун жазып чыгышты. SUPER.KG порталы ал менен байланышканда бул тармакта 10 жылдан бери иштеп келе жатканын айтты.
"Бул боюнча комментарий бере албайм. Президенттин сайтына расмий маалымат чыкса, ошого карата комментарий берем. Бул тармакта 10 жылдан ашык убакыттан бери иштейм. Президент ишеним көрсөтсө, бул кызматка барам", - дейт Нурадил Баясов.
Баясов учурда инвестициялар министринин орун басары болуп эмгектенет.
Буга чейин бул кызматты Алмамбет Шыкмаматов аркалап келген.