Чүйдүн Виноградный айылында 3500 түк чөп күйүп кетти. ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашкандай, өрт тууралуу маалымат 29-сентябрга караган түнү келип түшкөн.
"Саат 03:33дө 1 өрт өчүрүүчү бөлүм чыгып, саат 04:06да жерине жетишкен. Өрт саат 07:09да чектөөгө алынып, 09:24тө толук өчүрүлдү. Өрттүн кесепетинен 3500 түк чөп күйдү.
Жабыркагандар жок. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда", - деп белгилешти маалымат кызматынан.