Тажикстандын президенти Ооганстан менен чектешкен аймактын тургундарын сак болууга чакырды

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Ооганстан менен чектеш аймакта жашаган тажикстандыктарды сак болууга чакырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматына таянуу менен жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, Эмомали Рахмон Ооганстандагы кырдаал татаалдашып кетиши мүмкүн деп эсептейт. Буга байланыштуу ал чек арадагы Хатлон облусунун Фархор районунун тургундарын кыраакы болууга жана мамлекеттик чек араны коргоодо аскерлер жана укук коргоо кызматкерлери менен кызматташууга чакырган.

Буга чейин Ооганстанды басып алган "Талибан" кыймылы Тажикстанга чектеш аймагына миңдеген жан кечтилерди жөнөткөндүгү кабарланган. Тажикстан өз кезегинде Ооганстанга чектеш Дарваз аймагында президент Эмомали Рахмондун катышуусунда аскердик парад өткөргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Pepe93
2021-10-03 10:34:11
Таджиктерди кырып кетсе экен тава эмес Товаго
+7
Omyke
2021-10-03 14:08:59
Кудайдын улуу кунундо Кыргызды какшаттынар эле эми он эселеп кырылып калгылагыр
+10
Nursul
2021-10-03 16:10:34
Чоң бир маселе чыккудай болуп турат ушул эки өлкөдө
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан