Тышкы иштер министри Атомдук энергия агенттигинин директорунан долбоорлорду ишке ашырууну тездетүүнү өтүндү

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев эл аралык Атомдук энергия агенттигинин (МАГАТЭ) башкы директору Рафаэл Мариано Гросси менен жолугушту. Алардын сүйлөшүүсү Вена шаарында орун алганын министрликтин маалымат кызматынан кабарлашат.

"Жолугушуунун жүрүшүндө Руслан Казакбаев брахитерапия, нур терапия жана ядролук медицинанын техникалык кызматташтыгынын долбоорлорун ишке ашырууну тездетүүнү өтүндү. Ошондой эле Кыргыз Республикасы ЗОДИАК демилгесине кызыкдар экендигин белгиледи.

ЗОДИАК - зооноздук ооруларды аныктоого жана көзөмөлдөөгө, жаңыдан пайда болгон патогендерге каршы күрөшүүгө болгон даярдыгын жогорулатууга багытталган. Өз кезегинде МАГАТЭнин башкы директору өз ара кызматташтыктын активдүүлүгүн белгилеп, мындан кийин дагы агенттиктин Кыргыз жергесинде пландалган жана ишке ашырылып жаткан долбоорлоруна колдоо көрсөтүүсү тууралуу билдирди", - деп айтылат билдирүүдө.

Маалымат үчүн: Кыргыз өлкөсү 2003-жылы МАГАТЭнин башкы конференциясынын 47-сессиясында 137-мүчөсү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан