Маалымат булактарына Ысык-Ата районунан 2 окуучу баланын дайынсыз жоголгондугу тууралуу кечээ, 6-ноябрда маалымат түшкөн эле. Ысык-Ата РИИБинин кызматкерлеринин билдирүүсү боюнча 2 бала: 2001-жылы туулган Ырыскелди Шаботоев жана 2008-жылы туулган Нурсултан Медербеков 3-ноябрда үйдөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келишкен эмес.
Балдардын сырткы сүрөттөлүшү:
Ырыскелди Шаботоев: бою 150-155 сантиметр, кой көздүү, кара чачтуу. Күрөң күрмө (куртка), көк түстөгү свитер жана спорттук шым кийип жүргөн.
Нурсултан Медербеков : бою 115 сантиметр, кой көздүү, чачы кыска. Кызыл күрмө (куртка) жана көк жынсы шым кийип жүргөн.
Бул боюнча биз, SUPER.KG порталынын кызматкерлери, жоголгон балдардын ата-энеси менен бүгүн, 7-ноябрда эртең менен байланышка чыктык.
Ырыскелди Шаботоевдин атасы 33 жаштагы Нурлан Шаботоев төмөнкүдөй маалыматтарды берди:
- Мен өзүм үй-бүлөм менен Ысык-Ата районунун Юрьевка айылында жашайм. Берки жоголгон бала Нурсултан Медербеков менин кайнагам Самат Медербековдун (36 жашта) баласы болот. Кайнагам Бишкектин Пишпек аймагында жашайт. Экөөбүз балдарыбызды каникулда эс алышсын деп Ысык-Ата районунун Новопокровка айылындагы таенеси Сүйүнбүбү Жакыпованыкына алпарып таштаган элек. Таенесинин жана ошол айылдын тургундарынын айтымында эки бала 3-ноябрда эртең менен мектептин тегерегинде ойноп жүрүп эле, анан даректери чыкпай калган. Издеп табышпагандан кийин алар бизге чалып, саат 2ден баштап чогуу издей баштадык. Ысык-Ата РИИБине саат 6ларда чалып, толук маалыматты бердик. Ошентип чогуу издөө, изилдөө иштери улантыла баштады. Азыр айылдын балдары, тууган-туушкандар болуп райондун аймагындагы талаа, түздөрдөн издеп жүргөн кезде чалдыңыздар. Кудай буюруп, табылат деп жатабыз (үнү кардыгып)...
Элден балдарды көргөн билгендер болсо, (03132) 5-21-47 же (0556) 65-50-61 телефондоруна чалып коюуларын суранабыз.