Биз социалдык тармакта

Бүгүн түндө Бишкектин тургундарына жылуулук бериле баштайт

Бүгүн түндө Бишкек шаарынын тургундарына жылуулук бериле баштайт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, тиешелүү токтомго шаар мэри Айбек Жунушалиев кол койду.

"Бүгүн түнкү саат 00:00дөн баштап калаага жылуулук бериле баштайт. Жылуулук тармактарына кошуу иштери бир канча күнгө созулушу мүмкүн. Алгач жылуулук мектептерге, бала бакчаларга, ооруканаларга жана социалдык коргоо мекемелерине берилет. Андан соң көп кабаттуу үйлөргө, өнөр жай мекемелерине жылуулук берилет", - деп жазылат маалыматта.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asmat84
2021-10-04 16:13:10
Омеей эмитен элеби. Эртерээк эмеспи. Жылуулукту бергенден кийин саат 10 дон кийин өчүрүп койбойсуңарбы " нормалдуу адам 10дон кийин уктайт деп
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан