Бүткүл дүйнө боюнча Facebook, Instagram жана WhatsApp'тын колдонуучулары аталган социалдык тармактарда пайда болгон көйгөйгө нааразы болушууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бир канча убакыт мурда жогорудагы социалдык тармактардын иши үзгүлтүккө учураганы байкалган. Колдонуучулардын айтымында, билдирүүлөрдү жөнөтүү, серверге улашуу жана сайттарга кирүү иштеринин ылдамдыгы таптакыр азайып кеткен. Муну белгилүү интернет булактарынын онлайн көйгөйлөрүн көзөмөлдөгөн "Downdetector" кызматы да тастыктады.
Колдонуучулар Instagram'дын дээрлик иштебей калганын, WhatsApp'та билдирүү жөнөтүү кыйынчылык менен жүрүп жатканын, ал эми Фейсбукта веб-сайттын ишинде көйгөй жаралганын айтышууда.