Супер фактылар: Физиология жана медицина боюнча "Нобель" сыйлыгы кимдерге жана эмне үчүн берилген?

Физиология же медицина боюнча "Нобель" сыйлыгынын лауреаты 2021-жылдын 4-октябрында белгилүү болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, коронавирустук пандемиядан улам сыйлык Швециянын Стокгольм шаарындагы салттуу аземде эмес, ассамблея жайгашкан өлкөдө тапшырылды.

Нобель ассамблеясы сыйлык тапшырууга жооптуу. Ассамблея институттун 50 профессорунан турат жана анын жумушчу органы - Нобель комитети. Ал ассамблея тарабынан үч жылдык мөөнөткө шайланган беш кишиден туруп, жылына бир нече жолу комитет тарабынан тандалган талапкерлерди талкуулоо үчүн чогулат жана октябрдын биринчи дүйшөмбүсүндө көпчүлүктүн добушу менен лауреат шайланат.

Каролинск институтунун Нобель ассамблеясынын мүчөлөрү жана физиология, медицина боюнча лауреаттар, Нобель комитетинен атайын чакыруу алган ар кайсы өлкөлөрдүн илимпоздору, сыйлыкка көрсөтүүгө укуктуу.

Белгилей кетсек, "Нобель" сыйлыгы шведдик ойлоп табуучу Альфред Нобелдин керээзи менен 1895-жылы негизделген. Сыйлык физика, химия, физиология же медицина жана адабият жаатындагы мыкты эмгектин авторлоруна жана тынчтыкты чыңдоого эмгеги өткөндөргө жыл сайын берилет.

Ал эми 1968-жылы Швециянын мамлекеттик банкы өзүнүн 300 жылдык юбилейинде Нобелдин урматына жыл сайын экономика илими жаатына да берилүүчү сыйлыкты бекиткен. "Нобель" сыйлыгы Альфред Нобелдин сүрөтү бар алтын медаль, диплом жана акчадан (30-70 миң доллар) турат.

Сыйлык 1901-жылдан бери берилип келет. Физиология жана медицина боюнча биринчи лауреат дифтерияга каршы эмдөө ыкмасын иштеп чыккан немис дарыгери, микробиолог жана иммунолог Эмиль Адольф фон Беринг болгон.

Лауреаттардын арасында:

Безгек оорусун изилдеген Рональд Росс (Улуу Британия, 1902);

Кургак учуктун козгогучтарын изилдөөчү Роберт Кох (Германия, 1905);

Инсулинди ачкан Фредерик Бантинг (Канада, 1923) жана Жон МакЛеод (Улуу Британия, 1923);

Электрокардиографиянын негиздөөчүсү Виллем Эйнтховен (Голландия, 1924);

Магниттик-резонанстык томография ыкмасын иштеп чыккан Пол Лотербур (АКШ, 2003) жана Питер Мансфилд (Улуу Британия, 2003).

Каролинск институтунун Нобель комитетинин маалыматы боюнча, пенициллинди ачкан Александр Флеминг, Эрнест Чейн жана Говард Флориге (Улуу Британия) берилген 1945-жылдагы сыйлык эң атактуу бойдон калууда. Кээ бир ачылыштар убакыттын өтүшү менен маанисин жоготту.

Ал эми 2020-жылы сыйлык америкалык Харви Олтер менен Чарльз Райска, ошондой эле британиялык Майкл Хоутонго С гепатитинин вирусун ачканы үчүн ыйгарылган.

* Лауреаттардын тизмесинде 222 адам бар, анын 12си аял.

* 1901-2020-жылдары физиология жана медицина боюнча сыйлык 111 жолу берилген.

* Лауреаттардын орточо жаш курагы 58 жаш. Эң кичүүсү канадалык Фредерик Бантинг, ал 1923-жылы 32 жашында сыйлык алган, эң улуусу 87 жаштагы америкалык Фрэнсис Пейтон Роуз (1966).

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан