Супер фактылар. Адам өмүрүндө 35 тоннага жакын суу ичет

Тектеш кабарлар: Супер фактылардын топтому (92 материал)

Суу - планетадагы эң жөнөкөй жана эң тааныш зат. Бирок ошол эле учурда суу көптөгөн сырларга бай. Окумуштуулар дагы эле суу жөнүндө көбүрөөк кызыктуу маалыматтарды таап, аны изилдөөнү улантууда. Суу тууралуу кызыктуу фактылар менен тааныштырабыз.

- Кандай суу музга тезирээк айланат - ысыкпы же муздакпы? Эгерде логикалык жактан ойлонсок, анда, албетте, муздак. Анткени, ысык суу адегенде муздашы керек. Бирок эксперименттер көрсөткөндөй, ысык суу тезирээк музга айланат.

Эмне үчүн ысык суу муздак сууга караганда тезирээк тоңот деген суроого так жооп дагы эле жок. Балким, айырма муздатууда, бууланууда, муздун пайда болушунда, конвекцияда же газдардын ысык жана муздак сууга тийгизген таасиринде болушу мүмкүн.

- Суунун 3 агрегаттык абалы бар экенин билебиз: суюк, катуу жана газ абалында. Бирок илимпоздор суунун суюк абалында 5, тоңгон абалда 14 абалын белгилешкен.

- Суу жашоонун негизи. Бардык тирүү жаныбарлар жана өсүмдүктөр суудан турушат. Жаныбарлар - 75 пайыз, балыктар - 75 пайыз, медузалар - 99 пайыз, картошка - 76 пайыз, алма - 85 пайыз, помидор - 90 пайыз, бадыраң - 95 пайыз, дарбыз - 96 пайыз суудан турат. Жада калса адам суудан турат. Жаңы төрөлгөн баланын организми суунун 86 пайызынан турат.

- Суу өмүр гана бербестен, аны жок кыла алат. Дүйнөдөгү бардык оорулардын 85 пайызы суу аркылуу пайда болот. Жыл сайын 25 миллион адам бул оорулардан каза табат.

- Эгерде адам денесинин салмагынан 2 пайыз сууну жоготсо, анда адамда катуу чаңкоо пайда болот. Эгерде жоголгон суунун пайызы 10го чейин көбөйсө, анда адамда галлюцинация башталат. 12 пайыз жоготуу менен адам дарыгердин жардамысыз айыгып кете албайт. 20 пайыз суу жоготсо адам өлөт.

- Суунун жардамы менен ашыкча салмак менен күрөшө аласыз.

- Адам суусуз өтө кыска убакыт жашай алат. Сууга болгон муктаждык кычкылтектен кийинки экинчи орунда турат. Адам тамак-ашсыз алты апта, ал эми суусуз алты-жети күн жашай алат. Адам өмүрүндө 35 тоннага жакын суу ичет.

- Дүйнөдөгү эң кымбат суу Лос-Анжелесте сатылат. Өндүрүүчүлөр суюктукту "Swarovski" кристаллдары чапталган бөтөлкөлөргө куюп сатышат. Мындай суунун литри 90 доллар турат.

- Кооптуу суу да бар. Мисалы, Азербайжанда метан көп болгон суу бар, ага ширеңке жаксаң күйүп кетиши мүмкүн. Ал эми Сицилиядагы көлдөрдүн биринде суу сактагычтагы бардык сууну ууландыруучу кислотанын суу астындагы булактары бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан