Супер фактылар: Алгачкы жолу чай эмне үчүн колдонулганы тууралуу маалыматыңыз барбы?

Тектеш кабарлар: Супер фактылардын топтому (92 материал)

Бүгүн, 21-май чайдын эл аралык күнү. Чай дүйнөдөгү эң популярдуу суусундук, ал көптөгөн өлкөлөрдө ичилет жана дүйнөдө чайдын бири-биринен кыйла айырмаланган ар кандай түрлөрү бар.

Чай - бул Camellia sinesis өсүмдүгүнөн алынган. Чайдын мекени Индиянын түндүк-чыгыш жагы, Мьянманын түндүгү жана Кытайдын түштүк-батышы деп эсептелет, бирок бул өсүмдүктүн алгач өскөн жери белгисиз.

Чай тууралуу кызыктуу фактылар топтому

* Чай алгач Кытай медицинасында дары катары колдонулган;

* Чайдын көрүнүшү жөнүндө бир нече уламыштар бар. Уламыштарга караганда, болжол менен биздин заманга чейин 3 миң жыл мурун кытай баатыры Шэнь-нун дары чөптөрдү жана өсүмдүктөрдү издөө үчүн казанын алып алып бүт дүйнөнү кыдырган. Анын сорпосунан бир жолу кокустан чайдын жалбырактары табылып, суусундук ушунчалык сергитүүчү болгондуктан, кытай баатыры мындан ары андан башка суусундуктарды ичкен эмес;

* Дүйнөнүн бардык тилдериндеги "чай" сөзү кытай тилинен келип чыккан. Кытайдын түштүгүндө суусундук "ча", түндүгүндө "те" деп аталат, ошондуктан кытай чайы дүйнөнүн тигил же бул бурчуна (кургактык менен же деңиз аркылуу) кандайча ташылып келгенине жараша, ат коюлат: Азияга "чай" же англисче "tea";

* Алгач кытайлыктар биздин замандаштарга караганда чайды таптакыр башкача жол менен даярдашкан. Бир нече кылымдык чай ичкенден кийин гана өлкөнүн тургундары аны бышырбай, суусундукка туз кошпой калышкан;

* Япондор кытайлардан чайды сүйүүнү гана эмес, кадимки чай искусствосуна айланган салттуу чай аземинин бардык ырым-жырымдарын алышкан;

* Бир нече кылымдар бою Кытайды каптаган согуштар жана саясий толкундоолор өлкөнүн чай салтын дээрлик толугу менен жок кылган. Азыр ал бара-бара жанданып келе жатат, бирок мурунку каада-салтка анча окшошпойт;

* 14-15 кылымдарда япон дворяндары "чай турнирлерин" уюштурушкан, анын катышуучулары чайды даамдап көрүп, кандай сортто жана чай кайдан алып келингенин табышы керек;

* Европада биринчилерден болуп чайды кадырлагандардын бири падыша Людовик XIV болгон, ал кытайлар бул суусундукту оорулардан сактоо үчүн колдонушкандыгын уккан. Чай монархка подагра оорусу менен күрөшүүгө жардам берген;

* Британ хан сарайына чай ичүү модасы Англия падышасына турмушка чыккан Португалиянын ханбийкеси Екатерина тарабынан киргизилген;

* Кечки саат беште чай ичүү салты Британияда герцогиня Анне Расселдин жардамы менен пайда болгон. Ал достору үчүн түшкү жана кечки тамактын ортосунда жеңил тамак менен чай ичүү уюштурчу;

* 1980-жылдары чай жалбырагынын экстрактына негизделип жасалган бахмаро газдалган суусундугу СССРде өтө популярдуу болгон;

* Чай кымбат өнүм, анткени ал дагы деле кол менен жыйналып, сорттолот. Чай жыйноочу комбайнды түзүү боюнча бардык аракеттер, анын ичинде СССРде да ишке ашкан эмес;

* Кытай көк жана кара гана эмес, сары жана ак чайды чыгарган дүйнөдөгү жалгыз өлкө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asmat84
2021-05-22 12:21:08
Эмне эле биз оштуктар чайды көп ичебиз десек... Көрсө кошуналардан келген тура
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан