Биринчи жолу кагаз акча Кытайда чыккан. Албетте, бул таң калычтуу деле эмес. Анткени кагаз дагы биринчи жолу Кытайда чыгарылган.
Кытай соодагерлерине чоң суммадагы металл тыйындарды алып жүрүү ыңгайсыздыкты жараткан. Ал эми кагаз банкнотанын ойлоп табылышы адамдардын жашоосунда көптөгөн жеңилдиктерди алып келген.
Дагы бир кызыктуу факты акча кагазын Кытайда маркумду узатуу жөрөлгөсүндө отко жагышкан. Алар каза болгон адам тиги дүйнөгө барганда ал жакта бай болуп жашайт деп эсептешкен.
Европада алгачкы кагаз акча XVII кылымда Швецияда, ал эми АКШда 1690-жылы чыгарылган.