Эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. Президент октябрь окуясында каза болгон Үмүтбектин үй-бүлөсү менен жолукту (сүрөт)

Өлкө башчы Садыр Жапаров 2020-жылы октябрь окуясы учурунда каза болгон Алтынбек уулу Үмүтбектин үй-бүлөсү менен жолукту. Президенттик аппараттын маалымат кызматынан белгилешкендей, жолугушууга Үмүтбектин атасы Алтынбек Жуматаев жана эжеси Инаят Жээналиева келди.

Жолугушуу алдында мамлекет башчысы Үмүтбектин арбагына багыштап куран окуду.

"Садыр Жапаров жаш жигиттин туугандары менен жакындарына дагы бир жолу көңүл айтып, ата-эне үчүн баланын ордун эч нерсе толтура албастыгын белгиледи.

Президент октябрь окуяларынан көп өтпөй, Бишкек шаарынын мэриясына Үмүтбектин үй-бүлөсүнө колдоо көрсөтүү үчүн батир берүүнү тапшырганын, бирок маселе борбордук мэриянын айрым кызматкерлеринин шалаакылыгынан улам кечеңдеп кеткенин кошумчалады.

Садыр Жапаров бул тууралуу жакында эле кабардар болгонун, аталган кырдаалды жеке көзөмөлүнө алып, бүгүнкү күндө бардык маселелер чечилген. Ал Алтынбек Жуматаевге Бишкек шаарындагы эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.

Президент Үмүтбектин үй-бүлөсүнө бакыт жана жаңы үйүндө жакшылыктарды каалап, ошондой эле кайрат жана сабыр тиледи", - дешти мекемеден.

Өз кезегинде Алтынбек уулу Үмүтбектин жакындары өлкө башчыга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдиришти.

Президент Садыр Жапаров менен жолугушуудан соң Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев каза болгон жигиттин үй-бүлөсүнө жаңы батирин көрсөттү.

Таймурас Ташиев мандатын тапшырды, себебин ачыктаган жок
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан