Азыркы учурда COVID-19 менен ооругандарды кабыл алуу үчүн үч оорукана иш алып барууда. Бул тууралуу Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасы амбулатордук-диагностика бөлүмүнүн башчысы Нургүл Молдалиева билдирди.
Алар:
Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасы;
Улуттук хирургия борбору;
№2 клиникалык төрөт үйү.
Анын айтымына караганда, медицина кызматкерлерибиз үчүн атайын жатакана даярдалган.
"Биздин ооруканада 4 медициналык бригада 6 сааттан алмашып иштеп жатышат. Медициналык кызматкерлерибиз үчүн атайын жатакана даярдалган. Алгачкы күндөн тартып клиникалык ооруканада, COVID-19 жана башка жугуштуу оорулар боюнча жарандар үчүн маалыматтык блокко айланган 0312 59-01-54 номери боюнча Call-борбор ачылган. Ал жерде медицина кызматкерлери иш алып барышат", - деп белгиледи Молдалиева.