Кара-Сууда саясий партиялары жана талапкерлери шайлоо фонддорду түзүү эрежелери боюнча окутуу өткөрүлдү

Кара-Сууда саясий партиялары жана талапкерлери шайлоо фонддорду түзүү эрежелери боюнча окутуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев катышуучуларга бирдиктүү жана бир мандаттуу округдар боюнча депутаттыкка талапкерлерди каттоо тартибин түшүндүрүп берди. Бирдиктүү шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен, жергиликтүү убакыт боюнча саат 18ге чейин (2021-жылдын 18-октябрына чейин (кошуп алганда) Борбордук шайлоо комиссиясына саясий партиянын жетекчисинин колу жана саясий партиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн документтерди тапшырыш керек. Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди каттоо үчүн талапкер же анын ыйгарым укуктуу өкүлү, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен, жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:00гө чейин (2021-жылдын 18-октябрына чейин (кошуп алганда) Борбордук шайлоо комиссиясына саясий партиянын жетекчисинин колу жана саясий партиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн документтерди тапшырат.

Шайлоо талаш-тартыштарын кароо тартибин караштырганда, шайлоо комиссиялары тарабынан мыйзам бузуу учурларын кароону, кароонун схемасы жана тартиби, арыздын предмети, даттануулар деталдуу түрдө изилденди. Ошентип шайлоо мыйзамдарында жана Кодекстин 44-47-беренелеринде каралган белгилер аныкталган учурда, шайлоо мыйзамдарында каралган жалпы тартипте каралууга тийиш, Жумушчу топтун чечими сунуштама мүнөзгө ээ жана комиссиялардын жыйынына багытталат. Кодекстин 42,43,48-беренелеринде каралган бузуулардын белгилери аныкталган учурда ыйгарым укуктуу кызмат адамынын (БШКнын кызматкери жана (же) АШК, ОШКда БШКнын атайын өкүлү) кароосуна жөнөтүлүшү керек, бузуу жөнүндө протокол түзүлөт. Андан ары каршы болгон учурда, Кодекске ылайык жаза колдонуу үчүн комиссияга жолдомо, ал эми бузууну моюнга алган учурда – бузуулар жөнүндө токтом боюнча айып төлөө.

Окутуунун чоң блогу талапкерлердин шайлоо фонддорунун каржы айкындуулугуна, анын ичинде талапкерлердин жана партиялардын жарандар жана юридикалык жактар ​​менен эсептешүүлөрүнө арналган.

Ошондой эле катышуучуларга шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн эрежелери жана анын бузуулары үчүн жоопкерчилик тууралуу маалымат берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан