Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге инфраструктуранын, коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгү маселеси каралды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин иштери боюнча кеңештин жыйынына катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кеңешмеде мүмкүнчүлүгү чектелген жактарга инфраструктуранын, анын ичинде коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгү маселеси каралды. Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген жактардын жашоо-турмушуна тийиштүү башка маселелер талкууланды.

Бакашова белгилегендей, каралып жаткан маселелер ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер коомго интеграциялоо жана социалдаштыруу боюнча укукту ишке ашыруунун маанилүү жана ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

"Инфраструктурага жана коомдук транспортко жеткиликтүүлүк ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер бардык категорияларына республика боюнча эркин жана коопсуз жүрүүсүнө мүмкүнчүлүк берет. Имараттарга жана курулуштарга жеткиликтүү болуу жана коомдук транспортту, жүргүнчүлөр жолун, унаа жолдорун, байланыш каражаттарын жана коомдук пайдалануудагы башка техникалык каражаттарды пайдалануусу абдан маанилүү. Коомго интеграциялоо жана социалдаштыруу боюнча алардын укугун ишке ашыруу ар бирибиздин күнүмдүк милдетибиз болуусу зарыл", - деди Жылдыз Бакашова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан