Ош шаарында Кыргыз өлкөсүн 2026-жылга чейин өнүктүрүү улуттук программасынын долбоору талкууланды

Ош шаарында академиялык чөйрөнүн жана ЖОЖдордун өкүлдөрү менен Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүү улуттук программасынын долбоору талкууланды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чара программанын жоболорун илимий-академиялык коомчулук менен талкуулоого багытталган.
Бул жолугушуу 2026-жылга чейинки улуттук программанын долбоорунун кезектеги талкуусу. Мурунку жумада ушундай эле жолугушуулар бизнес, жарандык коомчулук, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр жана эл аралык уюмдардын катышуусу менен өткөн.

Президенттик администрациясынын өкүлдөрү аталган документти иштеп чыгуунун актуалдуулугун, анда өлкөдөгү, аймактагы жана дүйнөдөгү болуп жаткан өзгөрүүлөрдү эске алуу менен мындан аркы өнүгүүнүн жаңы көз карашын калыптандыруу камтылганын баса белгилешти.

Өнүгүү багыттарынын ар бири боюнча орто мөөнөттүү максаттарды жана милдеттерди ишке ашырууга багытталган долбоорлордун тобу сунушталат.

Иш-чаранын жүрүшүндө талкуулар болуп, сунуш жана пикирлер айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан