Биз социалдык тармакта

Бишкекте көмүрдүн баасы көзөмөлгө алынат

Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилиги Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү менен биргеликте көмүрдүн базаларда болушун жана баасын көзөмөлдөө максатында биргелешкен көчмө жыйын уюштурду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

"Отун базаларында казактардын "Шабыркүл", "Кара-Жыра" көмүрлөрү жана жалпы көлөмү 1000 тоннадан ашкан жергиликтүү "Кара-Кече" көмүрү бар. Казак көмүрүнүн баасы туруктуу жана тоннасы 4500 сомду түзөт, жергиликтүү көмүрдүн баасы тоннасына 4900-5000 сомду түзөт. Жергиликтүү көмүрдүн баасы жеткирүү менен алектенген адамдар тарабынан жогорулап жатканы да жок эмес", - деп жазылат билдирүүдө.

Жергиликтүү көмүргө болгон бааны жөнгө салуу үчүн Бишкек шаарынын мэриясы Экономика жана финансы министрлигине Бишкек шаарындагы көмүрдүн баасын көтөрбөө үчүн зарыл чараларды көрүү боюнча кат жөнөттү.

Катуу отундун баасын жасалма түрдө жогорулатуу маселеси тиешелүү укук коргоо органдары тарабынан каралып, аларга тиешелүү тапшырмалар берилген.

Катуу отун менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу жана көмүрдүн баасынын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн отун базаларынын жетекчилери менен да сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Жеткирүү графигине ылайык, шаардыктарга сатуу үчүн 1-2 күндүн ичинде болжол менен 1600 тонна көмүр жеткирилиши күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kuban-1207
2021-10-09 12:54:08
Старыйда чакадай болгон мешокко салып сатып атышат кымбат
0
Alinur96kg
2021-10-09 14:22:37
Козомолга алгыча жаз келет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан