Бишкек шаарынын укук коргоо кызматкерлери жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилери жана кызматкерлеринин окуучулардан мыйзамсыз акча чогултуусу боюнча текшерүүлөрдү жүргүзө башташты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Мындай текшерүүгө ата-энелерден түшкөн көптөгөн арыз-дооматтар себеп болду. Маалымат үчүн айта кетсек, 2010-жылдан бери мыйзамсыз акча чогултуу, кызмат абалынан пайдалануу же акча талап кылуу боюнча борбор калаада 19 кылмыш иши козголгон. Алардын ичинен №№5, 13, 44, 58, 88-мектептердин директорлоруна жана №31-мектептин кызматкерине карата козголгон кылмыш иштери иликтенип, сотко өткөрүлүп берилди. Андан башка дагы 7 кылмыш иши КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы тарабынан иликтенүүдө.