“Буга чейин обого жумасына 1 сааттык көрсөтүү менен гана чыгып келген болсок, жакынкы күндөрү күн сайын обого чыгууну пландаштыруудабыз. Өткөн жылда мамлекеттен бөлүнгөн 9 миллион сом акча каражатына жаңы заманбап техникалык жабдуулар алынып, учурда орнотуу иштери аягына чыгып калды”,- деп билдирди Талас облустук мамлекеттик телерадиокомпаниясынын башкы директорунун орун басары Бурмагүл Чабдарова. Күн сайын эфирге чыгууну пландаштырып жаткан Талас телеберүүсү “Жер-Үй алтын” ишканасына атайын өтүнүч кат менен кайрылган. Натыйжада аталган ишкана компаниянын ишмердүүлүгүнүн үзгүлтүккө учурабасы үчүн 60 000 сом бөлүп, ал акчага генератор сатылып алынды.