Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы: "Жоголгон 12 жаштагы Ырыскелди Шаботоевдин сөөгү Чоң Чүй каналынан табылды жана анын денесинде эч кандай жаракаттар жок”

Бүгүн, 9-ноябрь күнү Чоң Чүй каналынан Новопокровка айылынан жоголгон 12 жаштагы Ырыскелди Шаботоевдин сөөгү табылган. Анын денесинде эч кандай зордук-зомбулуктун белгиси жок. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. “Каза тапкан баланын денесинде эч кандай жаракаттар жок. Алдын ала маалыматтар боюнча, өзү сууга чөгүп каза тапкан. Жанындагы 6 жаштагы Нурсултан Медербеков да анын артынан сууга секирген болушу мүмкүн делинип учурда издөө иштери жүрүп жатат”, -деп маалымдайт  SUPER.KG порталына  Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы. 

  Эске салсак, 12 жаштагы Ырыскелди Шаботоев менен 6 жаштагы Нурсултан Медербеков 3-ноябрь күнү үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып барган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
fanatka19
2013-11-09 22:33:00
бир нерсе деш кыйын бирок.ушул жашта,ушул суукта неге сууга секирмек эле.
+1
ANELKA
2013-11-09 22:34:10
Jaw bala kantip artynan sekirmek ele?bolgondo da 6 jawtagy..
+1
karona12
2013-11-09 22:38:18
Кантип эле андай болушу мумкун эмес коргондор бар экенго чон европа улутундагы кишинин ээрчитип кетип жатканын, анан эле сууга тушуп кетет эгер сууга тушсо жанындагы бала уйго келмек ыйлап, кыргызстанда эч качан жакшы иштешпейт.
+2
karona12
2013-11-09 22:41:20
Аркасынан эч качан секирбейт, кайсы акылы кыска ойлоп тапты бул ойду кантседа ыйман берсин баарыбызга.
0
tynara81
2013-11-09 23:03:24
Жакшылап изилдешсин да, болушу мумкун деп жооруп койбой.
0
Beka_89_kg
2013-11-10 04:24:26
Эч качан аркасынан секирбей,сууга туртуп ийген бир болсо атайлап
+1
Jomi
2013-11-10 10:25:13
Кудай өзү баарыбызды ар түрдүү кырсыктардан сактасын
0
kosmomir
2013-11-10 13:55:17
Байкуш балдар сууга секиргидей эмне куч келди экен ээ?Жаткан жери жайлуу болсун!
-1
KUMU89
2013-11-10 14:28:49
Anynda akyly barda, stadiongo chykkan baldar kanalda ne kylywat?. Bul jerde bir sebep barda. Mumkun uurdap ketip jatyp, trevogo kattyk bolgonduktan suuga yrgytkandyr. Bul jerde chonu, b.a, akylduuragy jok kylynyp atat. Tiruu kalsa baardyk nerseni aitywy mumkunda. Owol bizdin organ kyzmatkerlerida katywy boluwu mumkun. Sebebi byndai kylmywtar, owolor arkyluu bolot. Kyskasy taza iwtegen Adam jok. Allah Kubo, pende korup bilbeseda. Kyrgyz, kyrgyzdy bozdotpoiluchu.
+1
nazimka
2013-11-10 14:59:00
Балким ойноп жатып кичинеси тушуп кеткендир,анан чону куткарам дегендир
0
Ramiz
2013-11-10 15:42:44
раматылык руслан шаботоевдин балдары эмес бекен?а
0
belosnejka1
2013-11-11 08:25:36
Озун озу чон эле бала сууга секирмек беле? Артынан бироолор кууган болуш керек.
0
SatiNur
2013-11-11 11:10:53
ой жаш баланы дагы мындай амал менен алдай албайсынар, ачыгын эле айтпайсынарбы изилдеп бетин ачсак озубуздун дагы былыктарыбыз чыгып калат деп эле, кылмышты жаап аткандардын балдары дагы ушундай учурга туш келсе корот элек жерди астын устун кылып кылмышкерди таап чыгат эленер
+1
nurali20
2013-11-11 12:55:15
Кудайым сактасын!Азыр балдарды уурдап чет мамлекетке органдарын сатып жатышат ,бул балдар биринчи жана акыркысы эмес,мектеп жашындагы канчалаган балдар жоголуп жатат,биздин балдардын омурун кыйып,оздорунун бойрогу жокторун бойроктуу,журогу жокторун журоктуу кылып жатышат.
0
nurali20
2013-11-11 12:57:04
одноклассникке да жуктоп коюшуптур балдардын суротун
0
12.12.12
2013-11-11 15:36:02
nurali20, анан не болуптур?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан