Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев кесиптештерине карата сын айтты. Ал министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылып сөз сүйлөп жатып: "Акылбек Усенбекович, сиз мурдагыдан бир топко ыкчам иштейбиз деп жатасыз, бул мени бир тарабынан кубандырса, бир тарабынан коркутуп жатат. Анткени биздин кесиптештер арасында мыйзам долбоорлорун окугандар аз. Ал тургай бизнесмен дупататтар өздөрүнүн бизнесине каршы дагы добуш берип койгондор бар, андан кийин эмне кылып алдым деп ойлонуп отурушат", - деди ал.
Ага жооп кылып Шайлообек Атазов сүйлөдү: "Окубай туруп мыйзам кабыл алат деп кантип айтып жатасыңар. Керектүү мыйзам долбоорлору кабыл алынбай калса дагы 6 айга жылып кетет, ошол үчүн кээде ооруп келбей калган кесиптештердин суранычтары менен алардын ордуна да добуш берип жатабыз. Бул элдин кызыкчылыгы үчүн. Окуп, беш кызыл диплому барлар Кремлде жүрөт, Америкада жүрөт. А эмнеге Батукаевди бошотуп жибергендер жөнүндө сүйлөбөйсүз?", - деди Атазов.
Анын сөзүн депутат Махабат Мавлянова улантып: "Дастан Далабаевич, мен бизнестен келген депутат экениме сыймыктанам. Мыйзамдарды баарыбыз окуп жатабыз, бизнесмендер бар үчүн бюджеттин 90 пайызын толтуруп келе жатышат. Коллегаларыңыздын эсебинен пиар кылбаңыз, биз буга чейин чыдап келдик", - деди.
Ал эми эл өкүлү Айбек Осмонов: "Дастан Далабаевич, сиз эки жакты карап анан сүйлөңүз. Өкмөттөн тартып кесиптештериңиздин баарына сын айта бересиз. А сиз өзүңүз кимсиз? Сиз деле биздин катардасыз, баарыбыздын дипломубуз бар, баарыбыз окуганбыз. Сизге эскертүү катары айттым", - деди.