5-декабрда Бишкекте Талас районунун жергиликтүү жашоочуларынын экологиялык коопсуздук жана туруктуу өнүгүү маселелери боюнча билимдерин жогорулатууга багытталган тренинг өз ишин баштады. Бул иш-чараны “Талас Коппер Голд” компаниясы уюштуруп, ага 10дон ашык адам катышууда. Аталган компаниянын өкүлү Дэвид Гранттын айтымында, бул долбоор Талас районундагы жашоочулардын экологиялык билимин жогорулатууну көздөйт. Тренинг өз ишин 7-декабрда аяктайт. Белгилей кетсек, “Талас Коппер Голд” компаниясы Талас облусундагы геологиялык чалгындоо ишмердүүлүгүн 2005-жылдан бери жүргүзүп келет.