Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоочуларды эркин добуш берүүгө чакырды. Бул тууралуу ал "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.
"Акча тараткан талапкерлер мурда кимге добуш бергениңди билип алабыз деп шайлоочуларды коркутушчу. Туура эмес маалыматтар берилчү. Эмгек жамааттар аркылуу дагы басым болчу. Анализдеп көрсөк, шайлоочулар туура эмес маалыматтарга ишенип алып добуш беришкен экен. Азыр эркин добуш бергиле деп чакырабыз. Президент таза шайлоо өткөрөбүз деп айтты", - дейт ал.