Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбековго ырастама жана төш белги тапшырды. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Таштанбеков депутат болуп катталды. БШКнын токтомунун негизинде №30 Ысык-Ата шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбековго белгиленген үлгүдөгү ырастама жана төш белги тапшырды.
Акбөкөн Таштанбеков УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени маалымдалган. Ага карата улуттар аралык жана аймактар аралык кастыкты козутуу фактысы боюнча иш козголгон.