Токон Мамытов: "Парламенттик шайлоого адам укугун коргоо үчүн кээ бир мыйзамдарды кайра иштеп чыгуу үчүн баратам"

Тектеш кабарлар: Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо - 2021 (430 материал)

Акыйкатчы Токон Мамытов парламенттик шайлоого аттануу үчүн отставкага кетүү боюнча арызын бергенин SUPER.KG порталына айтып берди.

"Мен кызматтан бошой элекмин. Парламентке шайлоого аттана тургандыгымды билдирип, отставкага кетүү үчүн арыз менен кайрылдым. Мыйзам боюнча, парламент мени кызматка шайлап, кызматтан кетирет. Парламент мени кызматтан бошото элек. Эртеңби же качан бул маселени карай ала турганы белгисиз. Андан кийин БШК каттоодон өткөрөт", - деди ал.

Ошону менен катар эле ал парламенттик шайлоого эмнеге аттанып жатканына токтолду.

"Айрым учурда адам укугуна дал келбеген мыйзамдар, токтомдор бар экен. Адам укугун кеңири коргоо үчүн кээ бир мыйзамдарды кайра иштеп чыгып, толуктап, өзгөртүү киргизүү керек. Мен ошонун баарын акыйкатчы болуп иштеп жатып көрдүм. Адам укугу тиешелүү деңгээлде корголбой жатканынын себеби мыйзамдардын иштебегендиги, иштеген учурда айрым фактылар көрсөтүлбөй калган. Мисалы, насыя алып үйүнөн ажырап жаткандар боюнча бул маселени мыйзам менен бекитип, оңдоп койсо болот. Ошондо элге, банкка, мамлекетке да жеңил болот", - дейт Мамытов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан