Ноокат шайлоо округунан дээрлик тең жарышта келе жаткан Жусупбек Коргонбай уулу менен Бакытбек Мариповдун добушу. Өзгөрүү болду

Бир мандаттуу округ боюнча кол менен эсептелип жатат.

Буга чейин саат 9:00дө алынган маалымат боюнча Ноокат шайлоо округу боюнча Бакытбек Марипов 43,00 пайыз добуш алган. Ал эми Жусупбек Коргонбай уулунун добушу 42,96 пайыз болуп калган. Анда 98,11 пайыз гана участкалык шайлоо комиссиясындагы добуштар саналган.

Саат 12:00гө карата 100 пайыз эсептелип Жусупбек Коргонбай уулунун добушу 43,08 пайызды түзсө, Бакытбек Мариповдуку 42,92 пайызды түздү.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан