ЖОГОРКУ КЕҢЕШКЕ ДЕПУТАТТАРДЫ ШАЙЛОО КҮНҮНДӨГҮ БАРДЫК КЫЗЫКТАР БИР ШИЛТЕМЕДЕ
Бүгүн, 28-ноябрь өлкөдө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнү. Шайлоодо 21 саясий партия, бир мандаттуу округдан 286 талапкер ат салышууда.
SUPER.KG порталы шайлоо күнүндө орун алган бардык кызыктуу кабарларды 1 шилтемеге топтойт. Андыктан биз менен бирге болуңуздар!
Бүгүн, 28-ноябрда Бишкек шаарында саат 8:00дө бардык шайлоо участкаларында добуш берүү процесси башталды.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бардык шайлоо тилкелерине пандус орнотулганын маалымат жыйында айтты.
Шайлоого эң биринчилерден болуп добуш берүүгө келген жаран тизмеден өзүн таппай артка кайтты.
Президент Садыр Жапаров биринчи айым Айгүл Жапарова менен Чоң-Арык айылындагы №1053 шайлоо тилкесинде добуш берди.
Бардык шайлоо тилкелеринде санитардык коопсуздукту сактоо максатында 2 саат сайын дезинфекцияланып турат.
Таң эрте келген шайлоочу: "Мурун акча сунуштагандар болчу эле"
"Быйылкы шайлоо таза өтөт деп ишенем. Мурун акча сунуштагандар болчу эле. Быйыл андайды көргөн жокмун. Өзүм тандаган, ишенген партияга добушумду бердим. Жумуштан мурун ушул жакка келип, шайлап кетип баратам", - деди ал. Толугу менен бул шилтемеде.
Президент Садыр Жапаров элди шайлоого активдүү катышып берүүгө чакырды.
"Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо процесси жүрүп жатат. Ошондуктан бардык жарандарды шайлоого активдүү катышып берүүсүн суранам. Ар бириңиздердин берген добушуңуздар менен балдарыңыздардын, өлкөнүн келечеги аныкталат", - деди өлкө лидери.
Коопсуздук кеңешинин катчысы: "Добушуңарды 1 миң же 2 миң сомго сатпагыла"
"Мурда административдик ресурстар пайдаланылган, добуш сатып алуулар болгон. Бул элдин кыжырын келтирген. Эл нааразы болуп аягы мамлекеттик бийлик алмаштырылган", - деди Марат Иманкулов. Толугу менен шилтемеде.
Чет мамлекеттерде 10 шайлоо тилкеси ачылганын тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров билдирди.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы №1142 шайлоо тилкесинде добуш берди.
Акылбек Жапаров:"Шайлоого аралашып, агитация кылган кызматкерлерибизди жазаладык"
"Биринчи жолу Кыргыз өлкөсүндө өкмөт, президенттин администрациясы президенттин жарлыгына ылайык шарт гана түзүп берүүгө ниет кылып, ошонун үстүндө иштедик. Шайлоого аралашып, агитация кылган кызматкерлерибизди жазаладык. Кээ бирлер жумуштан таптакыр четтетилди. Кээ бирлерине сөгүш жарыяладык", - деди Жапаров. Толугу менен шилтемеден окуй аласыз.
"Ынтымак" саясий партиясынын лидери Марлен Маматалиев №13 мектептеги шайлоо тилкесинен добуш берип, ачык, таза шайлоо өтөрүнө ишенерин билдирди.
"Шайлоого келүү ар бир жарандын атуулдук милдети. Эл жакшы нерседен үмүт кылып турган чагы. Депутаттыкка татыктуулар келсе дейм. Анткени алар элдин тагдыры алардан көз каранды. Шайланган соң элди унутуп калбаган, чыныгы патриоттор келиши керек. Шайлоо ачык, таза өтөт деп ишенем. Президент өзү катуу чараларды көрүп жатат. Ар бир жаранды шайлоого чакырып кетмекчимин", - деди ал.
Садыр Жапаров биринчи айым менен биргеликте добуш бергендеги сүрөттөр.
БШКнын мүчөсү Кайрат Маматов саат 8:00гө карата БШКга 196 арыз түшкөнүн кабарлады.
Жогорку Кеңештин депутаттыгына "Альянс" партиясынан талапкер Жанар Акаев Бишкек шаарынын 10-кичи районунда жайгашкан №1109 шайлоо тилкесинде добуш берди. Ошондой эле Альянс" партиясы жок дегенде 3-4-орунда парламентке өтөрүнө ишеним чоң экендигин белгилеп өттү.
"Ыйман Нуру" партиясынын лидери Нуржигит Кадырбеков Аламүдүн-1 кичи районундагы №1346 шайлоо тилкесинде добуш берип, "Тилеги ак, максаты так партияны шайладым" дейт.
Бишкек шаарындагы номер 6-мектепте жайгашкан №1214 шайлоо тилкесинде добуш берүүчүлөр аз болууда. Шайлоо тилкесинин башчысы ар бир шайлоодо бул тилкеде 1800 катталуучу болсо, анын ичинен 400-500ү гана атуулдук милдетин аткарарын айтты.
Бүгүн 12 миңге жакын ИИМ кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.
SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы №2282 шайлоо тилкесинде бир сааттан бери бюллетень салган урна иштебей жатканын билдирди.
Бишкекте жайгашкан №1336 шайлоо тилкесинде бюллетень салган урна бузулуп кайра оңдолгонун жеринде жүргөн кабарчыбыз маалымдады.
"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров №1211 шайлоо тилкесинде добуш берип, аталган партиядан депутаттыкка талапкер ЭлизаДүйшембиева тарабынан шайлоочуларды сатып алуу фактысы аныкталган окуя боюнча айтып берди.
"Кечээ түштөн кийин Москвадан келип, кечинде бул маалыматты уктум. Тийиштүү органдар териштирүү иштерин жасап, чын төгүнүн, ак карасын баарын орду ордуна коюш керек. Биздин партиядан болобу, талапкер болобу мыйзамда көрсөтүлгөн жазасын алыш керек", - деди ал. Толугу менен шилтемеде.
Өлкөдө саат 10:00гө карата бирдиктүү шайлоо округу боюнча 107 миң 852 шайлоочу добуш берди.
Аймактар боюнча канча добуш берилгенин төмөнкү таблицадан көрсөңүздөр болот.
Ал эми бир мандаттуу округ боюнча (саат 10:00гө карата) 103 миң 332 шайлоочу добуш берди.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев быйыл шайлоо катыша алган жок. Тийиштүү кызматтан ал соттолгон адам болгондуктан, шайлоого катыша албасын, ага карата чыккан өкүм күчүнө киргенин билдиришти.
"Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев
шайлоого жубайы Айгүл Текебаева менен келди.
"Ата-Мекен" саясий партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жарандык милдетин аткарып добуш берип, шайлоо тууралуу пикирин билдирди.
БШКнын мүчөсү Тынчтык Шайназаров шайлоонун жыйынтыгын чыгарганга чейин мыйзам бузган талапкердин каттоосу жана добуштары жокко чыгарыларын маалымдады.
Борбор калаада жайгашкан №1009 шайлоо тилкесинде шайлоочулардын бири бюллетендин бирин (бир мандаттуу округдан талапкерге добуш берген) калтырып кетти. Аталган шайлоо тилкесинде бюллетень салган электрондук урна бузулуп, мындан улам көчмө урна колдонулууга берилди.
Экс-президент Роза Отунбаева Бишкек шаарындагы №1215 шайлоо участогунда добуш берип, байкоочулардан элдин келүүсүн кандай болуп жаткандыгын сурады.
Бишкектеги шайлоо тилкелеринин биринде шайлоочулардын бири бюллетенди бүктөп ыргытып, ызы-чуу чыгарды.
"Ата Мекен" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Клара Сооронкулова кимге добуш бергенин айтты.
Кайрадан эсиңизге салабыз. Бүгүн 54 мандат үчүн ат салышып жаткан 21 партиянын тизмеси шилтемеде.
Социалдык тармакта кийим токуп отурган партиялардын биринин байкоочусунун сүрөтү талкууга алынды. Аталган сүрөт көпчүлүктү жылмайтып, жылуу пикирлер жазылууда.
"Бул шайлоодо салыштырмалуу добуш берүүчүлөр аз. Анткени эл депутаттарга ишенбей калды. Депутаттардын деңгээли түштү. Азыркы бара жаткан талапкерлер депутаттардын мурунку атын кайрып бериши керек", - деди Бакир уулу. Толугу менен шилтемеге кирип окуй аласыз.
Өлкөдө жалпы шайлоочулардын саны 3 миллион 703 миң 420ны түзөт. Саат 12:00гө карата 339 миң 785 шайлоочу добуш берди.
Ал эми бир мандаттуу округ боюнча 9,12 пайыз шайлоочу добуш берди (саат 12:00гө карата).
Шайлоого Ош шаарынын тургундары активдүү катышып жатканын БШКнын мүчөсү Тынчтык Шайназаров брифингде билдирди.
"Жашыма карабай балдарым жыргалчылык көрсүн деп шайлоого келдим"
Бишкектеги №1117 шайлоо тилкесине бет кабында мөөр басылган адамдар добуш берүү үчүн келип жатканын депутаттыкка талапкер Дастан Бекешев социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Ошто шайлоочуларды ташып жатат делген кичи автобустун айдоочусун милиция кызматкерлери кармап кетишти.
Саат 14:00гө карата бирдиктүү округ боюнча шайлоочулардын 16,27 пайызы добуш берди.
Бир мандаттуу округ боюнча (саат 14:00гө карата) 16,39 пайыз шайлоочу добуш берүүгө катышты.
Жалпы шайлоочулардын саны 3 миллион 619 миң 292ни түзсө, анын 593 миң 315и добуш берди (саат 14:00гө карата).
Ошондой эле саат 14:00гө карата чет мамлекетте 2 миң 720 шайлоочу добуш бергени брифингде айтылды.
БШКга эртең менен саат 8:00дөн 14:00гө чейин 17 кайрылуу түштү. Анын ичинен шайлоочулардын добушун сатып алуу боюнча 2, үгүт эрежелерин бузуу боюнча 5. Толугу менен шилтемеде.
Өлкөнүн тышкы иштер министри Руслан Казакбаев
Түркмөнстандагы №9011 шайлоо тилкесинде добуш берди.
Орусиянын Санкт-Петербург шаарында жашап жаткан мекендешибиз Карачач Тазабек кызы шайлоого катышып, жарандык милдетин аткаргандыгын билдирди.
"Санкт-Петербургдагы консулдукка келип, жарандык милдетимди аткардым. Консулдукка жалпысынан 4 миң 773 жарандын тизмеги илинген. Аба ырайынын сууктугуна карабастан келген шайлоочулардын маанайы жакшы. Ар бир добуш маанилүү, андыктан кайдыгер карабастан атуулдук милдетибизди аткаралы замандаштар", - деди ал.
Орусиянын Сахалин аймагында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун добуш берүүсү аяктады. Добуш берүүнүн жыйынтыгынын сүрөтү социалдык тармактарга тарады. Анда алдын ала жыйынтык боюнча 76 добуш менен “Бүтүн Кыргызстан” партиясы лидер болуп чыкты.
Социалдык тармактарда Бишкек шаарында белгисиз бир аял шайлоо бюллетенди сүрөткө тартып, WhatsApp группаларга жөнөтүп жаткан жеринен кармалды делген видео тарады.
Буга удаа эле үлпөт тоюнда эки жаштын шайлоого катышып,
добуш берип жаткандагы сүрөттөрү социалдык тармактарга жарыяланды.
Орусиянын Владивосток шаарында дагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун добуш берүүсү аягына чыкты.
Саат 16:00гө карата бирдиктүү округ боюнча шайлоочулардын 22,39 пайызы добуш берүүгө катышты. Ал эми бир мандаттуу округ боюнча 22,54 пайыз шайлоочу добуш берди.
Өлкөдө жалпы шайлоочулардын саны 3 миллион 703 миң 420 болсо, анын ичинен 829 миң 171 жаран атуулдук милдетин аткарды (саат 14:00гө карата).
Саат 16:00гө карата алынган маалыматка ылайык, Нарын облусунун тургундары шайлоого активдүү катышууда.
Орусиянын Хабаровск шаарында дагы добуш берүү аягына чыкты. Аталган аймактагы шайлоо тилкесинде эң көп добушту "Ата Мекен" партиясы алган.
Эске салабыз: Бир мандаттуу округдар боюнча шайлоого 286 талапкер катышууда.
Облустар боюнча талапкерлердин саны төмөнкүдөй:
Баткен облусу – 36 талапкер;
Ош облусу – 44 талапкер;
Жалал-Абад облусу – 45 талапкер;
Талас облусу – 12 талапкер;
Чүй облусу – 58 талапкер;
Бишкек шаары – 26 талапкер;
Нарын облусу – 26 талапкер;
Ысык-Көл облусу – 39 талапкер.
БШКга саат 17:00гө карата 29 кайрылуу түштү. Алардын ичинен:
добуш сатып алуу боюнча 2;
үгүт иштериндеги эреже бузуулар 7;
административдик ресурс боюнча 1
шайлоочуларды ташуу боюнча 1;
урналардын иштөөсү боюнча 9;
фотофиксация кылуу аракети боюнча 1.
Орусиянын Якутск шаарында добуш берүү аягына чыкты. Аталган шаардагы шайлоо тилкесинде 257 мекендешибиз атуулдук милдетин аткарды.
№1117 шайлоо тилкесине белгиси бар бет кап тагынган топ келгени боюнча ИИМдин өкүлү Султан Макилов текшерүү иштери жүргөнүн, эч кандай мыйзам бузуулар болбогонун билдирди.
Саат 18:00гө карата 1 миллион 50 миң 163 шайлоочу добуш берди. Жалпы шайлоочулардын саны 3 миллион 703 миң 420ны түзөт.
Добуш берүүгө Нарын облусунун тургундары
активдүү катышууда (саат 18:00гө карата).
Бирдиктүү округ боюнча шайлоочулардын 28,36 пайызы добуш берди(саат 18:00гө карата). Ал эми бир мандаттуу округ боюнча 28,66 пайыз шайлоочу добуш берүүгө катышты.
Саат 18:00гө карата чет мамлекетте 6 миң 609 шайлоочу атуулдук милдетин аткарды.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтык Шайназаров шайлоочулардын катышуусу аз болуп жатканы боюнча төмөнкүлөрдү билдирди.
"Былтыркы шайлоодо форма-2 ыкмасы колдонулган. Ошондо 500 миңге жакын биздин жарандар ошол ыкма менен добуш берген. 500 миңдин тегерегиндеги шайлоочулар шайлоо тилкелерине ташылып алып келинген. Азыркы учурда мыйзам менен бул нерсеге чектөө коюлган. Бирден бир себеби ушул болушу мүмкүн деп эсептейт элем", - дейт ал.
Шайлоодо административдик ресурсту колдонуу фактысы боюнча 49 иш катталып, 7 факты боюнча материалдар сотко жөнөтүлдү.
Шаардык милициядан саат 19:00гө карата Бишкекте мыйзам бузуу боюнча фактылар катталбаганын кабарлашты. Чет мамлекеттеги 13 шайлоо тилкеси өз ишин аяктады. Учурда 58 шайлоо тилкеси ишин улантып жатат.
Саат 20:00дө өлкө аймактарындагы шайлоо тилкелеринде добуш берүү аяктады.
БШКнын сайтында автоматтык эсептөөчү урналардан (АЭУ) алдын ала алынган маалыматтар чыкты(саат 20:00гө карата).
Добуштардын саны
%
«АТА-МЕКЕН»
888
4.93%
«БҮТҮН КЫРГЫЗСТАН»
1 670
9.28%
«АЛЬЯНС»
1 996
11.09%
«ЛЕГАЛАЙЗ»
132
0.73%
«ЫЙМАН НУРУ»
1 176
6.53%
«КҮЧТҮҮ РЕГИОН»
295
1.64%
«БАГЫТ»
155
0.86%
«ЫНТЫМАК»
2 244
12.47%
«ИШЕНИМ»
3 890
21.61%
«АЗАТТЫК»
1 168
6.49%
«МЕКЕНЧИЛ ЭЛ»
425
2.36%
«КЫРГЫЗСТАН ЖАШЫЛДАР ПАРТИЯСЫ»
85
0.47%
«ЖАШАСЫН КЫРГЫЗСТАН»
57
0.32%
«СОЦИАЛ-ДЕМОКРАТТАР»
1 214
6.74%
«АРУУЗАТ-ЭЛ КУТУ»
92
0.51%
«ПАТРИОТИЧЕСКАЯ ПАРТИЯ ЕДИНЕНИЯ КЫРГЫЗСТАНА»
480
2.67%
«УЛУТТАР БИРИМДИГИ»
752
4.18%
«ЭЛ ҮМҮТҮ»
1 392
7.73%
«ОРДО»
185
1.03%
«УЛУУ-ЖУРТ»
110
0.61%
«АТА-ЖУРТ КЫРГЫЗСТАН»
4 655
25.86%
БААРЫНА КАРШЫ
316
1.76%
Баткен облусунун Лейлек районундагы бир мандаттуу округдан талапкер болгондордун алдын ала жыйынтыгы.
Азаматтар...... Тышта бир миллионго жуук шайлоочулар журот, болгону 84мин шайлоочу бар деп корсотулуптур. Бир Москва шаарынын озундо 200 мин чамалуу шайлоочу-мигрантыбыз бар. Россиянын, Казахстандын, Туркиянын, Кореянын башка шаарларындагы шайлоочуларчы?!
Анан дагы таза шайлоо деп элди алдап келишет.
+5
Bekturbek
2021-11-28 16:43:12
Antiradikal10, Ошол сыртта жүргөн адамдар, кайдыгер болбой алдын ала, элчиликке барып катталбаса кантип шайлайт? Бул жерде, катталган адамдардын санын айтып жатат!
-4
Antiradikal10
2021-11-28 17:59:10
Bekturbek, ошол алдын ала каттоону жокко чыгаруу керек. Биринчиден тышта жургондор бекерчи эмес, бир жумада болгону бир кун эс алышат. Экинчиден элчиликке барсан ар качан очередь. Шайлоого катышуу учун катталат элем деп ким 3-5 саат кутуп тургусу келсин. Учунчудон элчиликке барсан эле баары дароо бутуп кетпейт. Ал жок, бул жок деп бир канча документ сурайт. Тортунчудон шайлоого аз калганда же шайлоо куну учуп баргандар шайлоого катыша албайт. Ошондуктан каттоо дегенди жою керек.
+4
Antiradikal10
2021-11-28 18:02:39
Bekturbek, каттоо деп кеминде ар он адамдын тогузунун укуктарын чектеп жатасынар. Конституция боюнча ар бир кыргыз жараны шайлоого катышуу укугуна ээ. Мигрант болсо дагы. Каттоо деп каяктагы жок нерсени ойлоп тапкан бийликтегилер. Анткени чет жерде кордук коруп оор шартта иштеп жургондор бийликти колдобойт деген таризде, мигрант шайлоочулардын санын чектоо учун бийлик тарабынан ойлоп табылган чектоо...
+2
Antiradikal10
2021-11-28 11:24:50
Садыр Жапаров бийликке келгенден бери Ташиев досу экоо коррупция менен курошуп жатабыз деп ооз коптурот, анда жакын туугандарын майлуу суттуу мамлекеттик кызматтарга кою коррупция эмеспи? Коррупция Жапаррв менен Ташиевдин озунон башталып жаткан жокпу?!
Мисалы Ташиевдин жакындарын карайлы. Былтыры тонкоруштон кийин Ташиевдин окул баласы Абсатар Сыргабаев Жалал-Абад облусунун губернатору болуп дайындалды.
+3
Antiradikal10
2021-11-28 11:29:19
Куйоо баласы Тагайбек Казакбаев Кыргызалтындын директорлор кенешинин мучосу болуп дайындалды. Ташиевдин жээни, б.а. Ташиевдин бир тууган эжесинин уулу Нургазы Матисаков Озгон районунун баш прокурору болуп дайындалды. Экинчи жээни Байгазы Матисаков Кыргыз Петролиум Компани мамлекеттик ишканасынын президенти болуп дайындалып жатат...
Ал эми Ташиевке караштуу "7-канал" телеканалында алып баруучу болуп иштеп келген Рамис Каимов Жалал-Абад курортунун директору болуп дайындалган
+5
Antiradikal10
2021-11-28 11:36:50
Мына ушулардын баары былтыры тонкоруштон кийин болуп жатат. Кайсы бир окурман айткандай "Никакой вины Ташиева здесь нет. Он же не виноват что все его родственники такие талантливые. И в чем его вина что все таланты расскрылись именно за последний год))"...
Баса, Ташиевдин бир тууган иниси Шайыр Ташиевдин да саясий таланты ачылып, бугун бир мандаттуу Жалал-Абад округунан талапкер болуп шайлоого катышууда.
+3
Antiradikal10
2021-11-28 12:06:43
Кыргыз жылкы пейил болгону ушул да, семирсе, колуна оомат келсе Кудайын тааныбай кооп кетет. Мурунку убадаларын унутуп, кайра соомой кезеп элди коркутуп.........
Баса, Бакиев убагында да ушундай болгон эле. Бут куч тузумдору Жаныш Бакиевге баш ийген. Бугун УКМК, МВД, погранслужба, прокуратура эле эмес, Армия да Ташиевдин колунда. Жалал-Абадда бут дайындоолор губернатор аркылуу эмес, комуско паша Акмат Бакиев аркылуу болуп калган. Бугун анын ордунда Таймурас Ташиев, Камчынын уулу.
+4
Fernando_Torres
2021-11-28 12:39:22
Бакиев эмес Ормон хандын убагында деле ошондой болот
-6
Antiradikal10
2021-11-28 12:57:37
2 жыл илгерки Сокеден кызмат буюрбай жудоп калган Ташиевди ким билет эле? 2017-жылы шайлоодо Сокени жандап журуп биррк Сокеден кызмат буюрбады эле Ташиевке. Эми былтыры тонкоруштон кийин бийликке озу эле келбей, бут тууган-туушканынын да таланты да, багы да ачылып, ал тургай Ташиевдин айдак жетим жугурукторунон бери баары майлуу суттуу кызматтарда отурушат. Анан артынан коррупция менен курошуп жатабыз деп ооз коптурушот, бугун коррупциянын башында оздору туруп алып...
+3
Antiradikal10
2021-11-28 13:02:11
Ал эми Ташиевдин "Ата-Журт Кыргызстан" партиясы Бакыт Торобаев баштаган ондон ашуун жепутаттар менен, Раимдин сол колу, соттуулугу жоюла элек болсо да шайлоого аттанган экс таможня директорлорунун бири менен шайлоого аттанып жатат. Ташиев канча танганы менен, бул партия Ташиевке караштуу экенин, партияны Ташиевдин марионеткасы баштап бара жатканын жалпы журт билет. Ташиевдин бугунку "Ата-Журт Кыргызстаны" Раим миллиондун былтыркы "Мекеним Кыргызстаны"
+3
Antiradikal10
2021-11-28 13:11:55
Талант Мамытов Жогорку Кенештин торагалыгы кызматын тапшырбай туруп шайлоого аттанып шайлоо мыйзамдарын одоно бузса да саткын соттор анын талапкерлигин калтырып шайлоого катыштырып отурат. Эмне, ушулбу силерге таза шайлоо?
Эгер таза шайлоо отчу болсо, анда Талант Мамытов шайлоого катышпашы керек эле. Шайлоо мыйзамдарын одоно бузганыучун. Соттуулугу жоюла электер дагы. Мамлекеттик кызматта отургандардын партиялары дагы. Мисалы Ташиевдин "Ата-Журт Кыргызстан" партиясы
+4
Antiradikal10
2021-11-28 13:23:09
Негизи шайлоо мыйзамдарына озгортуулор киргизилиши керек. Мейли шайлоо, мейли референдум болсун, явка 50%тен томон болгон учурда, шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылышы керек...
Экинчиден кандай бюллетень болбосун "баарына каршы" деген графа болушу керек. Эгер мисалы бир мандаттуу округдардын биринде эн коп добушту кайсы бир талапкер эмес, "баарына каршы" деген графа алса, демек ал округда башынан шайлоо отушу керек, баштапкы талапкерлер кайра талапкер боло алышпайт
+3
Antiradikal10
2021-11-28 13:32:06
Эгер явка томон болуп элдин 50%тинен азы шайлоого катышса шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылып шайлоо башынан отушу керек. Шайлоого катышкан партиялар, талапкерлер кийинки шайлоого каиышпашы керек...
Андан башка, чет жерде жургон Мекендеш мигрант шайлоочуларыбыз эч кандай арыз, кайрылуусу жок эле шайлоого катышуусун бийлик камсыз кылышы керек. Паспорту менен эле келип шайлоого катышууга укуктуу тыштагы мигранттарыбыз.
+4
Simels
2021-11-28 15:52:43
Antiradikal10, Бла бла бла. Сенин оюң эчкимди кызыктырбайт, мынча жазып эмне кыласың?
-4
Mister-XXX
2021-11-28 16:00:15
Antiradikal10,Давлениен которулуп кетпесин,кичине эс алсан.Гезит окубай эс алып уктап алсан.
-5
Antiradikal10
2021-11-28 18:03:31
Mister-XXX, бийликтин силердей Арзыматтарына жакпасы турган иш эмеспи жазгандарым?...))
+3
Antiradikal10
2021-11-29 00:32:21
Мен тээ шайлоонун башынан бери эле айтып келемин. Ташиевдин партиясынын шайлоого катышканынын озу шайлоо мыйзамдарын одоно бузуу деп.
Ата-Журт Кыргызстан Ташиевдин партиясы экенин, партия башында Ташиевдин марионеткасы отурганын жалпы жумурай журт билет...
Ташиевдин партиясынын шайлоого катышканы уже шайлоону легитимсиз кылат.
Мен бул шайлоо жыйынтыгын тааныбаймын.
+3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.