реклама
super.kg logo
  Саясат  

Токон Мамытов: "Парламенттик шайлоого адам укугун коргоо үчүн кээ бир мыйзамдарды кайра иштеп чыгуу үчүн баратам"

 

Акыйкатчы Токон Мамытов парламенттик шайлоого аттануу үчүн отставкага кетүү боюнча арызын бергенин SUPER.KG порталына айтып берди.

"Мен кызматтан бошой элекмин. Парламентке шайлоого аттана тургандыгымды билдирип, отставкага кетүү үчүн арыз менен кайрылдым. Мыйзам боюнча, парламент мени кызматка шайлап, кызматтан кетирет. Парламент мени кызматтан бошото элек. Эртеңби же качан бул маселени карай ала турганы белгисиз. Андан кийин БШК каттоодон өткөрөт", - деди ал.

Ошону менен катар эле ал парламенттик шайлоого эмнеге аттанып жатканына токтолду.

"Айрым учурда адам укугуна дал келбеген мыйзамдар, токтомдор бар экен. Адам укугун кеңири коргоо үчүн кээ бир мыйзамдарды кайра иштеп чыгып, толуктап, өзгөртүү киргизүү керек. Мен ошонун баарын акыйкатчы болуп иштеп жатып көрдүм. Адам укугу тиешелүү деңгээлде корголбой жатканынын себеби мыйзамдардын иштебегендиги, иштеген учурда айрым фактылар көрсөтүлбөй калган. Мисалы, насыя алып үйүнөн ажырап жаткандар боюнча бул маселени мыйзам менен бекитип, оңдоп койсо болот. Ошондо элге, банкка, мамлекетке да жеңил болот", - дейт Мамытов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
18.10.2021. 17:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
17-07-2012
Соӊку аракети:
04-12-2021 19:46
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мурун депутат болуп жургондо эмне иш кылды экен? Деги бир бийлике тойбойт экенда бул чиновниктер.
18.10.2021. 17:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
220
Катталган:
14-11-2019
Соӊку аракети:
04-12-2021 11:26
Жынысы:
Белгисиз
0
Аа эми башы иштей баштаптыр.
18.10.2021. 18:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
548
Катталган:
31-10-2020
Соӊку аракети:
04-12-2021 12:11
Жынысы:
Белгисиз
0
Акыйкатчы болуп иштеп жатканда эле депутаттарга ошол сунушун айтса болбойбу?Менин оюмча,дуепутаттар эч кандай жазага тартылбай жатат.Депутаттар дын жасаган ишине,берген добушуна карап жаза тартуу керек.Өлкөгө пайдасы жок,бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн добуш бергендер жоопко тартылыш керек.Ошондо депутат болом дегендер азаят эле.
18.10.2021. 21:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1459
Катталган:
23-09-2015
Соӊку аракети:
04-12-2021 21:44
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул киши барбы? Бактылуу каарылыктын доорун сүрбөйсүзбү, менин сиздей байлыгым болгондо эс алып жүрөт элем.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
181483;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: