Бүгүн, 2021-жылдын 28-ноябрында өтүп жаткан Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча 286 талапкер катышууда. Бул тууралуу БШКнын расмий сайтында жарыяланды.
Маалыматка ылайык, каттоонун аяктоо этабында БШКга бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү боюнча 381 арыз келип түшкөн. Анын 91,6 пайызын эркектер түзсө, 8,3 пайызын аялдар түзөт.
Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча көрсөтүлгөн 381 талапкердин ичинен 330 талапкер БШКнын каттоосунан өткөн. 51 талапкер каттоодон өткөн эмес, 330 талапкердин ичинен 43 талапкер жеке арызынын негизинде шайлоого катышуудан баш тартышкан.
2021-жылдын 23-ноябрына карата республикада бир мандаттуу округдар боюнча шайлоого 286 талапкер катышмай болду.
Облустар боюнча талапкерлердин саны төмөнкүдөй:
Бул жолу парламенттик шайлоо жаңы мыйзам боюнча өтөт. Анда жалпысынан 90 мандат берилсе, анын ичинен 54 талапкер ат салышып жаткан партиялардын ачык тизмеси аркылуу Жогорку Кеңешке өтөт. Бул ирет жалпысынан 21 партия ат салышып жатат. Ал эми 36 мандат бир мандаттуу шайлоо округдан чыгат.