Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлерди жана партияларды парламенттик шайлоого катышуу маселелери боюнча семинарга чакырат. Бул тууралуу аталган комиссиянын сайтына жарыяланды.
Семинар 14-октябрда саат 10:00дө БШКнын имаратында өтөт.
Талапкерлер, талапкерлердин жана саясий партиялардын өкүлдөрү төмөнкү маселелер боюнча маалымат жана кеңеш алышат:
- бирдиктүү шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмесин жана бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлерди каттоо тартиби;
- талапкерлердин маалыматтарын «е-талапкер» программасына киргизүү тартиби;
- шайлоо фондун түзүү тартиби, шайлоо күрөөсүн төгүү;
- шайлоо фонддоруна акча каражаттарынын түшүшү жана алардын чыгымдалышы тууралуу саясий партиянын каржы отчётторун БШКга берүүсү;
- талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондуна түшкөн акча каражаттарын кайтарып берүү тартиби.