5-декабрдан 6-декабрга караган түнү саат 3төр чамасында Ысык-Ата районунун Төмөнкү Серафимовка үй-интернатынын фойесинде өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Өрт диванга өчпөй калган тамекинин түшүп калганынан чыккан. Үй-интернаттын директорунун орун басарынын айтымында, өрттөн жабыркагандар жок. Тилсиз жоо аталган мекеменин күзөт кызматкерлери тарабынан өчүрүлдү.