БШКнын мүчөсү: "Парламенттик шайлоо менен биргеликте 2 шаардык, 3 айылдык кеңештин шайлоосу өтөт"

Тектеш кабарлар: Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо - 2021 (430 материал)

Парламенттик шайлоо менен биргеликте 2 шаардык, 3 айылдык кеңештин шайлоосу өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Искандер Гайпкулов билдирди.

"Парламенттик шайлоого 592 миллион 350 миң сом каражат керектелет. Конституциялык мыйзамдын негизинде каражат 36 округ боюнча эсептелип чыкты. Андан тышкары дагы беш жерде - эки шаарда, үч айылдык кеңеште шайлоо өтүш керек болчу. Муну дагы каражатты үнөмдөө аркылуу Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо менен бир күндө өткөрүүнү пландап жатабыз. Буга мыйзам жол берет. 47 миллион сом акча керек болчу. Ашыкча каражат кетирбөө максатында парламенттик шайлоо менен биргеликте өткөрүлөт", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан